Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-октябрындагы N 476 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комитетинин ортосундагы Саламаттык сактоо жаатында кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Пекин шаары, 2018-жылдын 6-июну
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комитети,
эки өлкөнүн ортосундагы саламаттык сактоо жаагында кызматташтыкты чыңдоо максатында, төмөнкүлөрдү макулдашты:
1-берене.
Тараптар теңчилик жана өз ара түшүнүшүү принциптерине таянуу менен жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык төмөнкү тармактарда өз ара кызматташат:
- саламаттык сактоо жаатындагы модернизациялар;
- саламаттык сактоо жаатындагы инвестициялык долбоорлорго көмөктөшүү;
- медициналык билим берүү жана медициналык кадрларды даярдоо;
- салттуу медицина;
- маалымат системасын жана саламаттык сактоо статистикасын өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу;
- телемедицина;
- эне жана баланын ден соолугун коргоо;
- саламаттык сактоо жаатында маалымат алмашуу;
- жугуштуу ооруларды алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы кызматташтык;
- саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыктын башка аз ара макулдашылган багыттары.
2-берене.
Тараптар (мындан ары - "кызматташуучу уюмдар" деп аталуучу) медициналык, фармацевттик илимий уюмдардын ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшөт.
Кызматташуучу уюмдардын ортосундагы байланыштар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
3-берене.
Тараптар медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу жаатында медициналык билим берүү уюмдарынын ортосундагы тикелей билим берүүчү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
4-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун 1-беренесинин аткарылышын өз ара консультацияларды өткөрүү, адистер жана медициналык-техникалык маалыматтарды алмашуу, симпозиумдарды жана конференцияларды уюштуруу, монографияларды жана макалаларды жарыялоо, ошондой эле келишкендик жетишилген кызматташуунун башка түрлөрүн ишке ашыруу жолу менен жүзөгө ашырышат.
5-берене.
Тараптардын бири конфиденциалдуу деп аныктаган маалымат бул маалыматты берген Тарап менен жазуу жүзүндө алдын-ала макулдашылбай үчүнчү тараптарга берилбейт.
6-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга байланышкан чыгымдар тиешелүү тармакта каралган финансылык ресурстардын алкагында ар бир Тараптардын эсебинен жабылат. Чыгымдар ар бир конкреттүү учур боюнча Тараптар менен макулдашылууга тийиш.
7-берене.
Тараптар конференцияларды, көргөзмөлөрдү, окутуу семинарларын жана ушул сыяктуу башка иш-чараларды өткөрүү пландары жөнүндө бири-бирине маалымдашат жана бул иш-чараларга катышуучу адистерди кабыл алууга көмөктөшөт.
Эгерде Тараптар башка тууралуу макулдашпаса, бардык командировкалык чыгымдар командировкага жөнөтүүчү Тараптын эсебинен жабылат.
8-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу келип чыккан ар кандай талаш-тартыштарды Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча өз ара сүйлөшүүлөр же консультациялар аркылуу чечишет.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун аяктагандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү акыркы маалымат алынган күндөн тартып ушул Макулдашуу күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири дипломатиялык канал боюнча жазуу жүзүндө ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотууга ниеттенгени жөнүндө анын жарактуулук мөөнөтү аяктарына 6 (алты) ай калганга чейин экинчи Тарапка билдирбесе, 1 жылдык мөөнөт менен кийинки мезгилдерге автоматтык түрдө узартылат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу күндөлүк иш-чаралардын жана долбоорлордун жүзөгө ашырылышына таасирин тийгизбеши керек.
Ушул Макулдашууга Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдашуусу боюнча өзүнчө Протоколдор менен таризделүүчү, ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп калуучу жана ушул берененин биринчи абзацында каралган жол-жоболорго ылайык күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө болот.
Пекин шаарында 2018-жылдын 6-июнунда кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестик келип чыккан учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан |
| Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комитетинин атынан |