Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-октябрындагы № 489 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуунун жетектөөчү, командачы-жетектөөчү курамын, мамлекеттик бийлик органдарынын, уюмдардын, мекемелердин кызмат адамдарын, жергиликтүү каякты, ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын угуучуларын жана студенттерин өзгөчө кырдаалдан иш-аракетке даярдоону жана окутууну уюштуруу боюнча ведомстволук бөлүгү болуп саналат.
2. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставына, ошондой эле ушул Жобого таянат.
Борбор кафедралардын сабактары/программалары боюнча илимий-теориялык, методикалык жана уюштуруу деңгээлинде окутууну/даярдоону камсыздоо үчүн профессордук-окутуучу курамды жана окутуу-көмөкчү персоналды тартат.
3. Борбор юридикалык жактын статусуна ээ жана анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жака расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы, Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, желеги, эмблемасы бар.
Борбор жогорку жана. орто кесиптик билими менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде практикалык иш стажы бар аскер кызматчылары жана кызматчылар менен комплекттелинет.
Борбордун "Өрт коопсуздугу" кафедрасынын штатын комплекттөө Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Инновациялык кесиптер институту менен макулдашылат.
Борбордун "Өрт коопсуздугу" кафедрасы өз ишинде "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Инновациялык кесиптер институтунун буйруктарына жана көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле университеттин жана институттун окумуштуулар кеңешинин токтомдоруна таянат.
4. Борбордун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору;
- расмий тилде: Центр подготовки и переподготовки специалистов Гражданской защиты при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики.
5. Борбордун юридикалык дареги: Чүй облусу, Аламүдүн району, Ленинское айылы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер шаарчасы.
2. Борбордун милдеттери
6. Борбордун милдеттери:
- жарандык коргонуу жаатындагы адистерди окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
- жарандык коргонуу жаатындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өсүү үчүн шарттарды түзүү;
- жарандык коргонуу жаатындагы ишти өркүндөтүүнүн актуалдуу көйгөйлөрү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын калкын жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү аракеттерине үйрөтүү боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, жүргүзүү жана Жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышуу;
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын профилдик кафедралары, анын ичинде башка мамлекеттердин окуу жайлары менен тыгыз байланышта иштешүү жана атайын сабактардын бирдей окуу пландарын жана программаларын биргелешип иштеп чыгуу;
- профессордук-окутуучу курамдын окуу-методикалык ишин жакшыртуу;
- профессордук-окутуучу курамдын, илимий-педагогикалык кызматкерлердин, угуучулардын жана студенттердин биргелешкен иши аркылуу фундаменталдуу жана колдонмо илимдерди өнүктүрүү, алынган натыйжаны окуу процессинде колдонуу.
3. Борбордун функциялары
7. Борбордун функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Борбордун бир жылдык иш планын иштеп чыгуу жана Министрликке бекитүү үчүн белгиленген тартипте берүү;
- Борборду угуучулар менен комплекттөө планын жана көчмө сабактарды калк менен өткөрүү пландарын бир жылга иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте бекитүүгө берүү;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле менчигинин түрүнө карабай уюмдардын кызмат адамдарын жана адистерин жарандык коргонуу жаатында даярдоо жана кайра даярдоо;
- Министрликтин өрт-куткаруу бөлүктөрү жана ыктыярдуу түзүмдөрү үчүн кадрларды өрт коопсуздук жаатында алгачкы жана кесиптик даярдоо;
- орто окуу жайларынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери" жана жогорку окуу жайларынын "Турмуш-тиричилик коопсуздугу" курстарынын окутуучуларын, мамлекеттик эмес жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерин, ошондой эле калкты өзгөчө кырдаалдагы жүрүм-турум эрежелерине жана сактануу ыкмаларына окутуу;
- "Өзгөчө кырдаалдардан коргоо" жана "Өрт коопсуздугу" адистиктери боюнча студенттердин кесиптик билимин өздөштүрүүгө, кызматтык милдеттерин ийгиликтүү аткарууга көмөк көрсөтүү;
- заманбап талаптарды, илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерин, практиканын маселелерин эске алуу менен угуучуларды жана студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатуу;
- "Техносфералык коопсуздук" деген даярдоо багытында окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын профессордук-окутуучу курамы менен түздөн-түз иш жүргүзүү;
- профилдик кафедралардын студенттери менен жарандык коргонуу үчүн маанилүү темалар жана чөйрөлөр боюнча биргелешкен илимий-изилдөө иштерин (студенттер менен илимий-изилдөө иштерин) уюштуруу;
- Борбордун, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Окутуу борборунун окутуу процесстерин, Министрликтин аймактык бөлүктөрүнүн, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын профилдик кафедраларынын Жарандык коргонуу курстарын илимий-методикалык жана окуу-методикалык жактан камсыздоо;
- Министрликтин борбордук аппаратында жана түзүмдүк бөлүктөрүндө "Техносфералык коопсуздук" багыты боюнча студенттердин практикасынын жана стажировкасынын бардык түрлөрүн уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүү;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жаатында ишти жүргүзүү;
- Жарандык коргонуу жаатындагы билимдерди жайылтуу, окуу жана методикалык материалдарды даярдоо жана чыгаруу, конференцияларды жана семинарларды өткөрүү.
4. Борбордун ыйгарым укуктары
8. Борбор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- белгиленген үлгүдөгү окуганы жөнүндө сертификаттарды жана/же күбөлүктөрдү белгиленген тартипте берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине окууга келбеген угуучулар жөнүндө маалыматты тиешелүү чечимди кабыл алуу үчүн берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин тейлөөчү орун басары менен макулдашкандан кийин Борбордун угуучуларын окутуу программаларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө;
- Борбордун илимий-изилдөө жана окуу-методикалык ишин уюштуруу үчүн керектүү маалыматты уюмдардан сурап алууга;
- илимий-изилдөө эмгектерин, окуу-методикалык колдонмолорду, брошюраларды, окуу китептерин чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды түзүү менен акы алып билим берүү-кызматын көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Борбордун бөлмөлөрүн жана техникалык жабдууларын конференцияларды, семинарларды жана "тегерек столдорду" өткөрүү үчүн берүүгө, ошондой эле кампалардын жана бокстордун имараттарын жеке жана юридикалык жактарга ижарага берүүгө;
- Министрликтин макулдугу менен башка мамлекеттердин жарандык коргонуу жаатындагы жогорку окуу жайлары менен кызматташууга, угуучуларды окутууга жана Борбордун окутуучулар курамынын квалификациясын жогорулатууга;
- Министрликтин жетекчилигинин Борбордун ишине тиешелүү болгон чечимдеринин долбоорлору менен таанышууга;
- окуп жаткандарды тарбиялоонун жана окутуунун каражаттарын жана методдорун, окуу сабактарын өткөрүүнүн формасын өз алдынча белгилөөгө;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында жана Эмгек кодексинде каралган укуктарды колдонууга;
- Борбордун ишине керектүү болгон материалдарды Министрликтин ведомстволук жана түзүмдүк бөлүктөрүнөн алууга;
- башка жогорку кесиптик окуу жайларынан тартылган окутуучулардын эмгеги үчүн акы төлөө фондуна ээ болууга.
5. Борбордун жетекчилигинин милдеттери
9. Борборду начальник башкарат, аны бул кызматка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин сунушу боюнча кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Борбордун начальниги Борборго жүктөлгөн милдеттерден жана функциялардан келип чыккан бардык укуктарын жана милдеттерин бирдиктүү башкаруу тартибинин негизинде жүзөгө ашырат.
10. Борбордун начальниги министрге жана анын орун басарларына баш иет.
Борбордун начальнигинин милдеттери:
- Борбордун уюштуруу-штаттык түзүмүн министрге бекитүүгө берүү;
- Борбордун күндөлүк ишин, илимий-изилдөө, окуу-методикалык жана пландык-отчеттук иштерин жетектөө;
- Борбордун туруктуу курамын алуу, жайгаштыруу жана аскердик (эмгектик) тарбиялоо;
- Борбордун өздүк курамынын иш милдеттерин бекитүү;
- окуу-методикалык жыйындарды жана кеңешмелерди уюштуруу жана өткөрүү;
- кызмат адамдарын окутуу үчүн өз убагында Борборго жиберилишин дайыма контролдоп туруу;
- окуу процессин контролдоо, өтүлгөн сабактардын сапатын системалуу түрдө текшерип туруу, окутуу программаларынын жана окуу сабактарынын расписаниесин аткаруу;
- окуу программаларынын эң маанилүү жана татаал темалары боюнча угуучулар менен сабактарды өтүү;
- тартип бузгандарга окуудан чыгарууга чейинки зарыл болгон чараларды колдонуу, ал жөнүндө угуучуну жиберген жетекчилерге жазуу жүзүндө маалымдоо;
- Борбордун чарбалык жана финансылык ишин жетектөө.
6. Илимий-изилдөө жана окуу-методикалык ишти уюштуруу
11. Борбордо төмөнкүдөй документтер иштелип чыгат жана жүргүзүлөт:
- Жарандык коргонуу жаатында калкты даярдоо боюнча уюштуруу-методикалык көрсөтмөлөр;
- жылдык комплекттөө планы;
- көчмө сабактардын планы;
- жылдык илимий-изилдөө иштеринин планы;
- айлык иш пландар;
- жылдык окутуу жүктөмүнүн планы;
- мугалимдердин өздүк иш пландары;
- окуу-материалдык базаны өркүндөтүү планы;
- өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн кызматкерлерин даярдоо боюнча жылдык календардык план;
- өткөрүлүүчү сабактардын расписаниеси;
- окуу жылына/семестрге окуу планы;
- кафедралардын жыйындарынын протоколдорун каттоо журналы;
- сабактарды эсепке алуу журналы.
12. Борбордун окутуучулары өзгөрмө жана туруктуу курамга бөлүнөт. Өзгөрмө курам саатына жараша акы төлөө негизинде башка билим берүү уюмдарынын окутуучуларынан түзүлөт. Аскер кызматчы болгон окутуучулар Министрлик уюштурган командирлик даярдануу системасындагы сабактарга тартылат.
13. Илимий-изилдөө жана окуу-методикалык иштерди жүргүзүү жана уюштуруу маселелери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин тийиштүү буйруктары менен регламенттелет.
14. Борборду угуучулар менен комплекттөө Борбордун жылдык планынын жана комплекттөө планынын негизинде ишке ашырылат.
15. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына - Жарандык коргонуунун начальниктерине калкты жарандык коргонуу жаатында даярдоо боюнча уюштуруу-методикалык көрсөтмөлөрүнөн көчүрмөлөр, комплекттөө жана көчмө сабактардын пландары жиберилет, алар ошого жараша угуучулардын тизмесин беришет жана алардын катышуусун камсыздашат.
Борборго угуучуларды борбордун начальниги же окуу бөлүгүнүн начальниги угуучулардын тизмесине жараша, жолдомолор жана адамдын ким экенин ырастаган документтер берилгенде кабыл алат.
16. Окуу процессинин аягында угуучулар зачет тапшырат, зачет тапшыргандарга окуганы жөнүндө сертификат/күбөлүк берилет, кайрадан окутулгандарга ошол күбөлүктөрүнө тиешелүү жазуу калтырылат.
7. Материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо
17. Борборду материалдык-техникалык жактан камсыздоону Министрлик штаттык жабдуулардын табелине жана Борбордук начальнигинин өтүнмөлөрүнө ылайык уюштурат.
18. Борбордун иши республикалык бюджеттен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик укук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржыланат.
8. Борбордун мүлкү
19. Борбордун мүлкүн Борбордун балансында чагылдырылган жана ыкчам башкаруу укугунда өзүнө бекитилген негизги каражаттар жана материалдык баалуулуктар түзөт.
Борбордун негизги каражаттарын жана колдонуудагы мүлктөрүн тартып алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.
9. Кайра уюштуруу жана жоюу
20. Борборду кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
21. Жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулат.
22. Борбордун ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер, ал жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.