Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 22-октябры № 496
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы № 521 "Мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген мамлекеттик салыктын өлчөмдөрүнүн 2-пунктунун "м" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
м) Банктарды жоюу агенттиги, салык жана бажы органдары берген карызды өндүрүү жөнүндө доо арыздарынан | эсептик көрсөткүчтүн бир жолку ставкасы |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2019-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |