Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры № 506
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 136 токтомун жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 119-б буйругун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчикте турган 49,24 га жерлерди, анын ичинде 16,02 га – кайрак айдоо (№ 994, 1517, 1518, 1520, 1524, 1531-контурлар), 25,51 га – жайыт (№ 1000, 1136, 1500, 1510, 1519, 1521, 1526, 1527, 1544, 1546-контурлар), 2,09 га – бадалдуу бак-дарактар ээлеген аянттар (№ 989, 1001, 1008-контурлар), 0,56 га – жол астындагы аянттар (№ 994, 1136, 1500-контурлар), 5,06 га – башка жерлер (№ 994, 999, 1000, 1001, 1008, 1136, 1498, 1500, 1510, 1517, 1518, 1519, 1522, 1524, 1526, 1545, 1546, 1548-контурлар) «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына цемент заводун куруу үчүн которулсун.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу цемент заводун куруу үчүн «Шамшыкал-ата компани» жоопкерчилиги чектелген коомуна убактылуу пайдалануу үчүн ижара келишиминин шарттары менен 49 жылга берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерлерди эсепке алуучу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- цемент заводун куруу үчүн берилген жер участогуна мамлекеттик экологиялык экспертизаны жүргүзүүнү;
- «Шамшыкал-ата компани» жоопкерчилиги чектелген коому менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ижара келишимин түзүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ченемдерге ылайык, «Шамшыкал-ата компани» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтурууну жана алынбай калган пайданын наркын төлөнүүсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багытта пайдаланууну.
4. «Шамшыкал-ата компани» жоопкерчилиги чектелген коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
- цемент заводун куруу долбоорун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүүнү;
- жогорку чыӊалуудагы электр байланыш линияларынын которулушу же курулушу талап кылынган учурда бул иштерди каржылоону;
- цемент заводун курууну баштаганга чейин, алдын ала белгиленген курулуш чөлкөмүнүн түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын кыймылсыз объекттерин сактоосун жана коргоосун камсыз кылууну.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жана өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |