Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-ноябры № 519
2019-жылга карата статистикалык иштердин курамын жана мазмунун аныктоо максатында, "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга карата статистикалык иштердин программасы (мындан ары - Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбакер субъекттер (макулдашуу боюнча) мамлекеттик статистиканын тиешелүү органдарына статистикалык жана административдик маалыматтарды Программада каралган мөөнөттөрдө берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги статистикалык иштерди Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттарынын чегинде каржыласын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-октябрындагы № 606 "2015-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 708 "2016-жылга статистикалык иштердин программасы жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 617 "2017-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө" токтому.
5. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 206 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2018-жылдын 2-ноябры № 519
2019-жылга статистикалык иштердин программасын бекитүү жөнүндө