Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-ноябры № 534
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 98-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоону жана төлөөнү камсыз кылсын;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |