Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-ноябры № 532
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү жана тиешелүү мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө бюджеттик кирешелердин болжолун жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмо 1-1-тиркемеге ылайык;";
- 2-пунктундагы "жана Тартипти" деген сөздөр ", Тартипти жана Колдонмону" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасында:
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун үчүнчү абзацындагы жана 14-пунктунун онунчу абзацындагы түрдүү жөндөмөдөгү "кирешелеринин тескөөчүлөрү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ресурстарынын администраторлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пунктунда:
"пландоо" деген сөз "болжолдоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
"башкы" деген сөз алып салынсын;
"иштеп чыгууга укуктуу" деген сөздөр "иштеп чыгышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 49-пунктундагы "Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун" деген сөздөр "орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинде:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "мамлекеттик бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун", "кирешелердин орто мөөнөттүү болжолун" деген сөздөр "орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "пландоо" деген сөз "болжолдоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "кирешелеринин администраторлору" жана "кирешелеринин тескөөчүлөрү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ресурстарынын администраторлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна жана орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарына ылайык мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнча берилген маалыматтардын негизинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзөт жана бюджеттин ресурстарынын администраторлору менен болжолдуу көрсөткүчтөрдү макулдашууну уюштурат.";
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджетти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткенден кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде кирешелердин бюджеттик классификациясынын коддоруна ылайык мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн бекитилген көрсөткүчтөрүн жетекчиликке алуу жана аткаруу үчүн бюджеттик ресурстардын администраторлоруна жеткирет.";
- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын учурдагы айдан кийинки айдын 1ине чейинки мөөнөттө кассалык планды түзүү жана бекитүү үчүн пландалган айга мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн планын түзөт. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн бекитилген планы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин администраторлоруна билдирилет.";
- 31-пунктундагы "10унан" деген цифра "акыркы күнүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пунктундагы "учурдагы айдын 15инен" деген сөздөр "учурдагы айдан кийинки айдын 5инен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 39-пунктундагы "кирешелери (ресурстары) боюнча" деген сөздөр "ресурстары боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган Тартиптин тиркемесинде:
- бардык текст боюнча "бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун" деген сөздөр "орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "пландоо" деген сөз "болжолдоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "киреше (ресурс) администраторлору" деген сөздөр "ресурстарынын администраторлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 22-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пунктунун "Берүү мөөнөтү" графасындагы "Отчёттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен жана" деген сөздөр алып салынсын;
3) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 1-1-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча КОЛДОНМО
1. Ушул Колдонмо мамлекеттик бюджетинин аткаруунун ачык-айкындуулугун, түшүүлөрдүн сапаттуу жана так эсебин жүргүзүүнү, бюджеттик каражаттарды уурдоого жол бербөөнү камсыздоо максатында иштелип чыкты.
2. Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясы боюнча Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлору боюнча бюджетке түшүү булактарынын реестрине ылайык (мындан ары - Реестр) (1-тиркеме) Аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн тизмесин аныктайт жана аккумуляциялоочу эсептерди ачуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына тапшырат жана бюджетке түшүүлөрдү аккумуляциялоону камсыздайт.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы коддорду ыйгарууну жана Реестрге жана Аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн берилген тизмесине ылайык казыналык системада аккумуляцияланган эсептерди ачууну камсыздайт.
4. Бюджеттин ресурстарынын администраторлору:
- аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн тизмесин түзүшөт;
- фискалдык саясаттын негизги багыттарын жана финансылык жылдарга бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды түзүшөт жана беришет;
- жыйынды бюджеттик отчетторду түзүшөт жана беришет;
- бюджеттик системанын кирешелери болуп саналган ашыкча төлөнгөн (өндүрүлгөн) төлөмдөрдүн, алар боюнча туумдардын жана айыптардын туура эсептелишине, толук жана өз убагында төлөнүшүнө, чегерилишине, эсепке алынышына, өндүрүлүшүнө жана аларды кайтарып алуу жөнүндө чечимдердин кабыл алынышына контроль жүргүзүшөт;
- бюджеттик жол-жоболордо белгиленген тартипте маалыматтарды жана бюджеттик отчетторду беришет;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары менен бюджеттин аткарылышы боюнча ресурстардын иш жүзүндөгү түшүүлөрүн салыштырып текшерүү актысын бюджеттик жол-жоболордо белгиленген тартипте түзүшөт.
6. Мамлекеттик бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун түзүмү жана алардын функциялары өзгөргөн учурда бюджеттин ресурстарынын администраторлору ушул Колдонмонун 1-тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга сунуштарды киргизишет.".
Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткаруу боюнча колдонмого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджетинин ресурстарынын администраторлору боюнча бюджетке түшүү булактарынын РЕЕСТРИ
| 1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
1 | Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
2 | Декларациялоодо нотариалдык иштерди жасоо үчүн алынуучу мамлекеттик алым |
3 | Административдик айыптар |
| 2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети |
4 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
5 | Мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер |
6 | Башка салыктык эмес кирешелер |
7 | Административдик айыптар |
| 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
8 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
9 | Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча акы |
10 | Административдик айыптар |
| 4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
11 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
12 | Башка төлөмдөр |
13 | Административдик айыптар |
| 5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
14 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
15 | Административдик айыптар |
| 6. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги |
16 | Суу ресурстарын пайдалануу үчүн акы |
17 | Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү |
| жана жүгүртүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн жыйым |
18 | Административдик айыптар |
| 7. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
19 | Кендерди пайдалануу үчүн салыктар, анын ичинде: |
20 | пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштетүү укугу үчүн акы |
21 | жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы |
22 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн акы |
23 | Административдик айыптар |
24 | Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр |
| 8. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги |
25 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
26 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн акы |
27 | Таразага тартуу, өлчөө, өткөрүү жана жүрүү үчүн жыйымдар |
28 | Административдик айыптар |
| 9. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
29 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
| Административдик айыптар |
| 10. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги |
30 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
31 | Административдик айыптар |
| 11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
32 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн акы |
33 | Административдик айыптар |
| 12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
34 | Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы |
35 | Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы |
36 | Кыргыз Республикасынын резидент эмес жактардын кирешесине салык |
37 | Пайдага салык |
38 | Пайыздарга салык |
39 | Алтын казуучу компаниялардын кирешесине салык |
40 | Чакан ишкердик субъекттер үчүн бирдиктүү салык |
41 | Милдеттүү патенттин негизиндеги салык |
42 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык |
43 | Кумтөрдүн дүң кирешесине салык |
44 | Ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган кыймылсыз мүлккө салык |
45 | 2-топтогу ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык |
46 | 3-топтогу ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылган кыймылсыз мүлккө салык |
47 | Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык |
48 | Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык |
49 | Короо жанындагы жана бакча-чарбак жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы |
50 | Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы |
51 | Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы |
52 | Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө КНС |
53 | Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарларга КНС |
54 | Сатуудан алынуучу салык |
55 | Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же сатылуучу товарларга акциз салыгы |
56 | Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарларга акциз салыгы |
57 | Бонустар |
58 | Роялти |
59 | Республикалык бюджеттин башка салыктары жана жыйымдары |
60 | Жергиликтүү бюджеттин башка салыктары жана жыйымдары |
61 | Административдик айыптар |
| 13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
62 | Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келүүчү товарларга КНС |
63 | Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуусуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинүүчү товарларга акциз салыгы |
64 | Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинүүчү товарларга акциз салыгы |
65 | Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу келишимге ылайык төлөнгөн жана эсепке киргизилген атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
66 | Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу келишимге ылайык бирдиктүү бажы тарифинин ставкалары боюнча төлөнгөн жана эсепке киргизилген ташып келүү бажы алымдары |
67 | Бажы алымдарынын, салыктардын бирдиктүү ставкалары боюнча бажылык төлөм |
68 | Жыйынды бажы төлөмү |
69 | Экспорттук бажы алымы |
70 | Экспорттук мезгилдик бажы алымы |
71 | Чет өлкөлүк автоташуучулардан жыйымдар |
72 | Бажылык тариздөө үчүн жыйымдар |
73 | Дагы башка бажылык жыйымдар жана төлөмдөр |
74 | Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө мамлекеттердин эсептерине чет өлкөлүк валютада которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн ташып келүү бажы алымдары |
75 | Казакстан Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн ташып келүү бажы алымдары |
76 | Беларусь Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн ташып келүү бажы алымдары |
77 | Россия Федерациясынын эсебине чет өлкөлүк валютада которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн ташып келүү бажы алымдары |
78 | Армения Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн ташып келүү бажы алымдары |
79 | Евразия экономикалык бирлигине башка мүчө мамлекеттердин эсебине чет өлкөлүк валютада которулган, бөлүштүрүлгөн ташып келүү бажы алымдары |
80 | Казакстан Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которулган, бөлүштүрүлгөн ташып келүү бажы алымдары |
81 | Беларусь Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которулган, бөлүштүрүлгөн ташып келүү бажы алымдары |
82 | Россия Федерациясынын эсебине чет өлкөлүк валютада которулган, бөлүштүрүлгөн ташып келүү бажы алымдары |
83 | Армения Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которулган, бөлүштүрүлгөн ташып келүү бажы алымдары |
84 | Кыргыз Республикасынын эсебине которулган, бөлүштүрүлгөн ташып келүү бажы алымдары |
85 | Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө протоколго ылайык чет өлкөлүк валютада эсептерге которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
86 | Казакстан Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
87 | Беларусь Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
88 | Россия Федерациясынын эсебине чет өлкөлүк валютада которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
89 | Армения Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
90 | Кыргыз Республикасынын эсебине которулган атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
91 | Казыналыктын эсебине түшүүчү такталбаган суммалар |
92 | Ташып келүү бажы алымдары |
93 | Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу келишимге ылайык Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден түшүүчү ташып келүү бажы алымдары |
94 | Казакстан Республикасынан түшүүчү ташып келүү бажы алымдары |
95 | Беларусь Республикасынан түшүүчү ташып келүү бажы алымдары |
96 | Россия Федерациясынан түшүүчү ташып келүү бажы алымдары |
97 | Армения Республикасынан түшүүчү ташып келүү бажы алымдары |
98 | Ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар |
99 | Казакстан Республикасы тарабынан ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча милдеттенмелердин өз убагында аткарылбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар |
100 | Беларусь Республикасы тарабынан ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча милдеттенмелердин өз убагында аткарылбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар |
101 | Россия Федерациясы тарабынан ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча милдеттенмелердин өз убагында аткарылбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар |
102 | Армения Республикасы тарабынан ташып келүү бажы алымдарын бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча милдеттенмелердин өз убагында аткарылбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар |
103 | Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы боюнча бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда бажы органдарына берилүүчү бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүп алынган акча каражаты |
104 | Казакстан Республикасынан түшүүчү бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүп алынган акча каражаты |
105 | Беларусь Республикасынан түшүүчү бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүп алынган акча каражаты |
106 | Россия Федерациясынан түшүүчү бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүп алынган акча каражаты |
107 | Армения Республикасынан түшүүчү бажы алымдарын жана салыктарды төлөөнү камсыздоонун эсебинен өндүрүп алынган акча каражаты |
108 | Үчүнчү өлкөлөргө карата атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу жөнүндө макулдашууларга ылайык төлөнгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
109 | Казакстан Республикасынан түшүүчү атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
110 | Беларусь Республикасынан түшүүчү атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
111 | Россия Федерациясынан түшүүчү атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
112 | Армения Республикасынан түшүүчү атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
113 | Атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин милдеттенмелеринин өз убагында аткарылбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар |
114 | Казакстан Республикасы тарабынан атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча милдеттенмелердин өз убагында аткарылбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар |
115 | Беларусь Республикасы тарабынан атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча милдеттенмелердин өз убагында аткарылбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар |
116 | Россия Федерациясы тарабынан атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча милдеттенмелердин өз убагында аткарылбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар |
117 | Армения Республикасы тарабынан атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды бөлүштүрүүдөн суммаларды которуу боюнча милдеттенмелердин өз убагында аткарылбагандыгы үчүн түшкөн пайыздар |
118 | Чет өлкөлүк валютада эсептерге которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
119 | Казакстан Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
120 | Беларусь Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
121 | Россия Федерациясынын эсебине чет өлкөлүк валютада которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
122 | Армения Республикасынын эсебине чет өлкөлүк валютада которуу токтотулган, бөлүштүрүлгөн атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдар |
123 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
124 | Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча акы |
125 | Конфискацияланган мүлктү сатуудан түшүүлөр |
126 | Мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер |
127 | Айлана-чөйрөнү булгоо үчүн акы |
128 | Башка салыктык эмес кирешелер |
129 | Административдик айыптар |
| 14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
130 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
131 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн акы |
132 | Мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар |
133 | Административдик айыптар |
| 15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
134 | Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча акы |
| 16. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети |
135 | Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча акы |
136 | Конфискацияланган мүлктү сатуудан түшүүлөр |
137 | Контролдук-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр |
138 | Административдик айыптар |
| 17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
139 | Мамлекеттик каттоо үчүн жыйымдар |
140 | Каттоо органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым |
141 | Мамлекеттик башка алымдар |
142 | Административдик айыптар |
| 18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик |
143 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
144 | Административдик айыптар |
| 19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги |
145 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
146 | Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн акы |
147 | Айлана-чөйрөнү булгоо үчүн акы |
148 | Жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн дагы башка төлөмдөр |
149 | Экономикалык кылмыштар боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча акы |
150 | Конфискацияланган мүлктү сатуудан түшүүлөр |
151 | Административдик айыптар |
| 20. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети |
152 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн акы |
153 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн акы |
154 | Административдик айыптар |
| 21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
155 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
156 | Административдик айыптар |
| 22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
157 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
158 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн акы |
159 | Административдик айыптар |
| 23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги |
160 | Контролдук-көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүдөн түшүүлөр (Монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген жөнгө салуучу талаптардан четтөө суммасынан түшүүлөр) |
161 | Административдик айыптар |
| 24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
162 | Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан республикалык бюджетке акы |
163 | Административдик айыптар |
| 25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция |
164 | Сертификаттарды жана башка уруксат берүү документтерин берүү үчүн акы |
165 | Административдик айыптар |
| 26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
166 | Акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер |
167 | Мамлекеттик ишканалардын пайдасы |
168 | Капиталга катышуунун башка формаларын сатуу (менчиктештирүү) |
169 | Мамлекеттик менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы |
170 | Административдик айыптар |
| 27. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик |
171 | Башка ички дебитордук карызды төлөө |
172 | Берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар |
173 | Административдик айыптар, санкциялар |
| 28. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
174 | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасы |
175 | Лицензияларды берүү үчүн акы |
176 | Административдик айыптар |
| 29. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары |
177 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы |
178 | Калктуу конуштардагы жердин ижара акысы |
179 | Жерлерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы |
180 | Суу ресурстарын жана суу объекттерин пайдалануу үчүн акы |
181 | Лотереялык ишти жүргүзүү укугу үчүн акы |
182 | Калктуу конуштардан таштандыларды ташып кетүү үчүн акы |
183 | Автотранспортту коюу жана токтотуу үчүн жыйым |
184 | Административдик айыптар |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-ноябры № 532
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү жана тиешелүү мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө бюджеттик кирешелердин болжолун жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 "Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүү маселелерин уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасында:
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун үчүнчү абзацындагы жана 14-пунктунун онунчу абзацындагы түрдүү жөндөмөдөгү "кирешелеринин тескөөчүлөрү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ресурстарынын администраторлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пунктунда:
"пландоо" деген сөз "болжолдоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
"башкы" деген сөз алып салынсын;
"иштеп чыгууга укуктуу" деген сөздөр "иштеп чыгышат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 49-пунктундагы "Бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун" деген сөздөр "орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартибинде:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "мамлекеттик бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун", "кирешелердин орто мөөнөттүү болжолун" деген сөздөр "орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "пландоо" деген сөз "болжолдоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "кирешелеринин администраторлору" жана "кирешелеринин тескөөчүлөрү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "ресурстарынын администраторлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна жана орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарына ылайык мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнча берилген маалыматтардын негизинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзөт жана бюджеттин ресурстарынын администраторлору менен болжолдуу көрсөткүчтөрдү макулдашууну уюштурат.";
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджетти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткенден кийин 5 (беш) жумуш күндүн ичинде кирешелердин бюджеттик классификациясынын коддоруна ылайык мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн бекитилген көрсөткүчтөрүн жетекчиликке алуу жана аткаруу үчүн бюджеттик ресурстардын администраторлоруна жеткирет.";
- 29-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"29. Мамлекеттик бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын учурдагы айдан кийинки айдын 1ине чейинки мөөнөттө кассалык планды түзүү жана бекитүү үчүн пландалган айга мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн планын түзөт. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн бекитилген планы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин администраторлоруна билдирилет.";
- 31-пунктундагы "10унан" деген цифра "акыркы күнүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 32-пунктундагы "учурдагы айдын 15инен" деген сөздөр "учурдагы айдан кийинки айдын 5инен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 39-пунктундагы "кирешелери (ресурстары) боюнча" деген сөздөр "ресурстары боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган Тартиптин тиркемесинде:
- бардык текст боюнча "бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун" деген сөздөр "орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "пландоо" деген сөз "болжолдоо" деген сөз менен алмаштырылсын;
- бардык текст боюнча "киреше (ресурс) администраторлору" деген сөздөр "ресурстарынын администраторлору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 22-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17-пунктунун "Берүү мөөнөтү" графасындагы "Отчёттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен жана" деген сөздөр алып салынсын;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-мартындагы № 179 токтомуна ылайык күчүн жоготту)