Загрузка документа…
Тиркеме
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 540 токтомуна) |
Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси (мындан ары - Конгресс) жөнүндө жобо делегаттарды шайлоо, Кыргызстан жаштарынын республикалык конгрессин уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.
2. Конгресстин максаты мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаш жарандарды катыштыруу, жаштар саясаты чөйрөсүндөгү чечимдерди кабыл алуу үчүн жаштар жана жаштар уюмдарынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу болуп саналат.
3. Конгресстин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик жаштар саясатын, жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долборлорун өркүндөтүү боюнча маселелерди талкуулоо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- жаштар саясатынын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча сунуштамаларды, сунуштарды иштеп чыгуу;
- Конгресстин делегаттарынын мамлекеттик жаштар саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдарга карата кайрылуулардын кабыл алуу.
4. Конгресстин чечими сунуш мүнөзүндө болот.
2-глава. Конгресстин делегаттарын шайлоо жол-жоболору
5. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жаштар саясатын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү коомдук уюмдардын өкүлдөрү Конгресстин делегаттары боло алышат.
Мында делегаттардын курамы 70 пайызга жаштар саясатын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлүүгө тийиш,
6. Конгресстин делегаттарынын жалпы саны 100 адам түзөт.
7. Конгресстин сандык курамы региондордо жашаган жаштардын санына пропорционалдуу түзүлөт.
8. Облустардан Конгресстин делегаттары 2 этап менен шайланат: биринчи этапта - райондордо жана шаарларда, экинчи этапта - облустарда.
9. Биринчи этапта шаарлар жана райондор боюнча жаштар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) облустук түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарына Конгресстин делегаты болууга талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө билдирүү жарыяланат. Коомдук уюмдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан түшкөн сунуштардын негизинде ыйгарым укуктуу органдын облустук түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жаштар саясатын өнүктүрүүгө салымын кошкон активдүү жаштардын арасынан райондордон жана шаарлардан делегаттарга талапкерлердин тизмелери түзүлөт. Делегаттарга талапкерлердин түзүлгөн тизмелери делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча облустук комиссия тарабынан каралат (мындан ары - облустук комиссия).
10. Экинчи этапта Конгресстин делегаттарын шайлоо үчүн ар бир облуста 7 адамдан турган облустук комиссия түзүлөт. Облустук комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу органдын облустук түзүмдүк бөлүмү тарабынан түзүлөт. Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу органдын облустук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кирет.
11. Ыйгарым укуктуу органдын облустук түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси облустук комиссиянын төрагасы болуп саналат.
12. Бишкек жана Ош шаарларынын делегаттары ыйгарым укуктуу орган жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен бирге жаштар саясатын өнүктүрүү чөйрөсүнө салым кошкон, активдүү жаштардын арасынан шайланат. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан Бишкек жана Ош шаарларынан Конгресстин делегаттарына талапкерлерди түзүү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлоо жарыяланат. Коомдук уюмдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн сунуштардын негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан Бишкек жана Ош шаарларынан делегаттарга талапкерлердин тизмеси түзүлөт.
13. Бишкек жана Ош шаарларынан Конгресстин делегаттарын шайлоо үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча 7 адамдан турган комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлөт. Комиссиянын курамына Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери кирет.
14. Ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги комиссиянын төрагасы болуп саналат.
15. Конгресстин делегаттарын шайлоо жол-жобосу аяктагандан кийин ыйгарым укуктуу органдын облустук түзүмдүк бөлүмдөрү Конгресстин шайланган делегаттарынын тизмесин ыйгарым укуктуу органга беришет.
16. Конгресстин делегаттары эки жылдык мөөнөткө шайланышат.
Конгресстин делегатынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулат:
- ал шайланган мөөнөт бүткөндө;
- делегат каза болгондо, ал соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде каза болду деп таанылганда;
- соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде ал аракетке жөндөмсүз, дайынсыз жоголду деп таанылганда.
17. Кайсы бир себептерден улам Конгресстин делегаты мөөнөтүнөн мурда чыгып кеткен учурда, делегат ушул Жобого ылайык шайланат, мында делегат чыгып кеткен делегат кайсы аймактан шайланса ошол гана аймактан шайланат.
3-глава. Конгрессти уюштуруу жана өткөрүү тартиби
18. Конгресс эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Ар бир Конгресстин иши Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин милдеттүү аткаруу менен салтанаттуу түрдө башталат. Конгрессти өткөрүү датасын ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
19. Конгресстин иши коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ачык өткөрүлөт.
20. Конгрессти уюштуруу, өткөрүү жана уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
21. Ыйгарым укуктуу орган Конгрессти уюштуруу боюнча төмөнкү функцияларды аткарат:
- Конгресске катышууга өтүнмөнүн формасын бекитет;
- күн тартибин түзөт, протоколдорду жүргүзөт жана тариздейт, документтерди таркатууну, сактоону жана эсепке алууну уюштурат;
- Конгресстин чечимдерин, бекитилген пландарын жана программаларын аткарууга көмөк көрсөтөт, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдойт;
- Конгрессти маалыматтык коштоону ишке ашырат;
- сыйлык жана эстелик материалдарынын макеттерин (эскиздерин) бекитет.
22. Конгресстин делегаттарын каттоо Конгресс өткөрүлүүчү күнү жүргүзүлөт.
23. Конгресстин делегаттары төмөнкүлөргө укуктуу:
- талкууга катышууга жана Конгресстин күн тартибиндеги маселелер боюнча өз пикирин билдирүүгө;
- Конгресстин кароосуна маселелерди алып чыгууга.
24. Конгресстин ишин ыйгарым укуктуу органдын өкүлү ачат жана Конгрессти өткөрүүнүн форматы тууралуу маалымат берет.
25. Конгресс делегаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Конгресстин күн тартибин жана иштөө регламентин бекитет. Конгресстин чечими ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Конгресстин чечимине Конгресстин координатору жана ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкери тарабынан кол коюлат. Конгресстин чечими катталат, күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана өз алдынча башкаруу органдарына сунуштама ирээтинде жөнөтүлөт.
26. Конгресстин жумушчу органы болуп Конгресстин кеңеши саналат.
27. Ар бир облустан жана Бишкек жана Ош шаарларынан Конгресстин делегаттары Конгресстин кеңешин түзүү үчүн өз курамынан бир өкүлдү тандап алышат. Конгресстин кеңешинин мүчөлөрү өз курамынан Конгресстин координаторун тандал алышат.
28. Конгресстин координатору:
- Конгресстин кеңешин жетектейт;
- Конгресстин кеңешин чакырат жана анын ишин уюштурат;
- Конгресстин кеңешинин жыйындарында төрагалык кылат;
- Конгресстин кеңешинин чечимдерине кол коёт.
29. Конгресстин кеңеши төмөнкү функцияларды аткарат:
- ыйгарым укуктуу орган менен кызматташуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- ыйгарым укуктуу органга Конгресстин чечимдерин координациялоого жана ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;
- Конгресстин маселелери жана чечимдери боюнча Конгресстин делегаттарына маалыматтарды берет;
- ыйгарым укуктуу органга жаштар саясатын өнүктүрүү чөйрөсүндө коомдук уюмдар менен кызматташууга көмөк көрсөтөт.
30. Конгресстин кеңешинин мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүргүзүшөт.
31. Конгресстин кеңеши:
- Конгресстин чечимдеринин жыйынтыгы боюнча иш планын бекитет;
- иш планын аткаруунун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу орган менен өз ара аракеттенет;
- жарым жылда бир жолудан кем эмес иш планын аткарууну талкуулоо үчүн жыйын өткөрөт.
32. Конгресстин кеңешинин ыйгарым укуктары эки жылга сакталат.
4-глава. Корутунду жоболор
33. Конгрессти өткөрүүнү каржылоо төмөнкүлөрдөн жүргүзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- гранттык каражаттардын эсебинен;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.