Сравнение редакций…
Тиркеме | ||
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 536 токтомуна |
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселеси боюнча түзөтүү мекемелери менен өз ара аракеттешүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул, Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам берүү маселесинде жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелери менен өз ара аракеттешүү тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү жана аларды бошонгондон кийин социалдык коштоо маселесиндеги функцияларын аныктайт.
2. Бошонууга даярданып жаткан соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселесин чечүүдө түзөтүү мекемесинин администрациясы төмөнкү органдар менен бирдикте аракеттенет:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- пробация органдары;
- калкты каттоо органдары;
- саламаттык сактоо органдары;
- эмгек жана социалдык өнүктүрүү органдары;
- билим берүү органдары;
- ички иштер органдары.
Жашы жете электерге социалдык көмөк көрсөтүү маселеси боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана мэриялардын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиялар менен өз ара аракеттенишет.
3. Ушул Тартиптин максаты бошонууга даярданып жаткан соттолгондордун жана түзөтүү мекемелеринен бошонгон, турмуштагы оор кырдаалга туш болгон адамдардын социалдык маселелерин чечүүдө ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
2-глава. Соттолгондорду түзөтүү мекемелеринен бошотууга даярдоо
4. Түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан соттолгондорду бошотууга даярдоо эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү аяктаганга чейин 1 жыл мурун башталат.
5. Түзөтүү мекемесинин администрациясы бошотула турган соттолгондор аныкталгандан кийин 10 жумуш күндүн аралыгында ушул Тартиптин 4-пунктунда белгиленген мөөнөттө:
1) соттолгондор тууралуу маалыматтарды "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинде каралган пенитенциардык пробациянын чегинде аларды каттоого тургузуу үчүн пробация органына жөнөтөт;
2) соттолгон менен бошонгондон кийинки анын жашап, иштеп же окуй турган жайын; анын социалдык-укуктук жана психологиялык жардамга, билимге, кесипке ээ болуудагы, зарыл документтерди, медициналык, социалдык кызматтарды жана пенсиялык камсыздандырууну алуудагы муктаждыктарын; анын туугандары бар экендигин, анын алар менен болгон мамилесин аныктоо үчүн сүйлөшүү жүргүзөт;
3) бошонууга даярданып жаткан соттолгондун материалдык көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында мүмкүнчүлүк болсо, анын макулдугу менен жана анын ден соолугунун абалын эске алып, аны акы төлөнүүчү жумушка жөнөтөт;
4) мамлекеттик органдарга (социалдык өнүктүрүү жана иш менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо, билим берүү) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бошонууга даярданып жаткан соттолгондорго материалдык-тиричиликтик жактан жайгаштыруу жана башка социалдык керектөөлөрүн камсыз кылуу маселелери боюнча социалдык көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө өтүнүчтөрдү жиберет;
5) жашы жете элек жетим экендиги же ата-эненин камкордугусуз калгандыгы аныкталган учурда аны социалдык-тиричиликтик жактан жайгаштыруу маселесин чечүү үчүн камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органдарына билдирүү жиберет.
6. Ушул Тартиптин 5-пунктунун 2-пунктчасында белгиленген иш-чаралар өткөрүлгөндөн кийин социалдык жардамга муктаж соттолгондор аныкталат. Соттолгондордун аталган категориясына карата (алардын каалоосу боюнча) пробация органдары менен биргеликте түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси менен аныкталган жеке социалдык-укуктук жардам көрсөтүү программасы иштелип чыгат.
7. Жеке социалдык-укуктук жардам көрсөтүү программасы пробация органдары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүгүндө жана "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 17-беренелеринде белгиленген иш-чараларды өткөрүү аркылуу түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан ишке ашырылат.
3-глава. Бошонууга даярданып жаткан соттолгондорго паспорт тариздөө, берүү тартиби
8. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгон адам келгенде анда паспорту бар экендигин текшерет жана ал жок болуп чыккан учурда түзөтүү мекемесинин атайын эсеп боюнча бөлүмү соттолгондун өздүк ишинде паспортунун жоктугу жөнүндө маалымкат даярдайт, ошондой эле соттолгондон анын паспортун калыбына келтирүү жөнүндө арыз алат.
9. Ушул Тартиптин 8-пунктунда белгиленген маалымкаттын жана арыздын негизинде түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгонго паспорт тариздөө боюнча зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө буйрук чыгарат. Аталган буйруктун негизинде түзөтүү мекемесинин администрациясы калкты каттоо чөйрөсүндөгү аймактык орган менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленген тартипте соттолгонго жаза өтөгөн жери боюнча паспорт тариздөө боюнча жол-жоболорду жүргүзөт.

4-глава. Түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдарды социалдык коштоодогу мамлекеттик органдардын иши
§ 1. Түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдарга медициналык тейлөө көрсөтүү
10. Саламаттык сактоо уюмдары түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдарга, аларда паспорт жок болсо, алардын бошонгондугу жөнүндө маалымкаттын негизинде медициналык тейлөө көрсөтөт.
11. Саламаттык сактоо уюмдары түзөтүү мекемесинин администрациясынын жиберүүсү боюнча түзөтүү мекемесинен бошонгон адамды ал бошонгондугу жөнүндө маалымкатты же ким экендигин тактаган башка документти көрсөткөндө ага медициналык тейлөө көрсөтүү үчүн ал туруктуу же убактылуу жашаган жерге каттоого тургузат.
12. Түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдарды медициналык тейлөө Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык ишке ашырылат.
§ 2. Соттолгон жана түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдарга эмгек жана социалдык өнүктүрүү органдары тарабынан жардам берилиши
13. Соттолгондорго жана түзөтүү мекемесинен бошонгон адамдарга социалдык жардам көрсөтүү маселеси боюнча түзөтүү мекемесинин администрациясынан суроо-талап алганда социалдык өнүктүрүү органдары "Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
- социалдык камсыздоо, анын ичинде пенсия жана мамлекеттик жөлөкпул чектөө маселелери боюнча кеңеш берүү;
- интернат үйүнө жиберүү үчүн документтерди тариздөөгө жардам көрсөтүү;
- турак жайлары жана мыйзамдуу өкүлдөрү жок социалдык реабилитацияга муктаж болгон жашы жете электерди жашы жете электер үчүн адистештирилген мекемелерге жайгаштыруу жөнүндө өтүнүч катын белгиленген тартипте даярдоо.
14. Түзөтүү мекемелеринен бошотулган жана убактылуу же туруктуу жашаган жери боюнча социалдык тейлөөгө кабыл алынып жаткан адамдар аларга көрсөтүлүүчү социалдык тейлөөлөрдүн тизмеси жана мазмуну, ошондой эле аларды көрсөтүү шарттары менен таанышып чыгууга тийиш.
15. Түзөтүү мекемелеринен бошотулган - картайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген социалдык тейлөөгө муктаж адамдар Кыргыз Республикасынын аталган категориядагы жарандарды камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамында белгиленген тартипте социалдык жардам менен камсыздалышат.
16. Зарыл болгон учурда түзөтүү мекемесинен бошонгон адамга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн. 2012-жылдын 31-январындагы № 68 токтому менен бекитилген Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жободо аныкталган тартипте медициналык-социалдык экспертиза жүргүзүлөт.
17. Түзөтүү мекемесинен бошонгон адамды жумушсуз же жумуш издеп жүргөн катары таануу үчүн түзөтүү мекемесинин администрациясы пробация органы менен биргеликте тиешелүү каттоого тургузуу үчүн анын жашаган жериндеги калкты иш менен камсыз кылуу органына билдирүү жиберишет.
18. Түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдар калкты иш менен камсыз кылуу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте убактылуу же туруктуу жашаган жери боюнча аларды каттоого тургузгандан кийин жумушсуз же жумуш издеп жүргөн катары акы төлөнүүчү коомдук иштерге жөнөтүлөт.
Түзөтүү мекемесинен бошонгон жашы жете элек адам кайрылганда калкты иш менен камсыз кылуу кызматы:
- өспүрүмгө толук көлөмдөгү кесиптик багыттоочу тейлөө көрсөтөт;
- туруктуу жумушка орноштуруу мүмкүндүгү жок учурда убактылуу иштерге жиберүүгө көмөк көрсөтөт.
19. Жумушсуздук боюнча жөлөк пул албаган түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жумуш берүүчүлөр иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматтын органдары менен биргеликте "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштурушат.
§ 3. Түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдарга билим берүү чөйрөсүндөгү органдар тарабынан жардам берилиши
20. Билим берүү чөйрөсүндөгү органдар пробация органынан же түзөтүү мекемесинин администрациясынан түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдарга жардам берүү маселеси боюнча суроо-талап алганда төмөнкүдөй жардам берет:
- баштапкы кесиптик билим берүүчү билим берүү уюмдарына кирүү үчүн жолдомо беришет;
- зарыл болгон учурда билими жөнүндө документтерин калыбына келтирүүдө жана алууда көмөк көрсөтүшөт.
§ 4. Түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдарга ички иштер органдары тарабынан жардам көрсөтүлүшү
21. Түзөтүү мекемелеринен бошонгон адамдарды тиешелүү каттоого тургузуу жөнүндө түзөтүү мекемесинин администрациясынан же пробация органынан билдирүү алганда аймактык ички иштер органдары төмөнкүлөр аркылуу укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүшөт:
- аталган билдирүүнү алган учурдан тартып бир жыл бою алдын алуучу мүнөздөгү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт;
- материалдык-тиричиликтик жактан жайгашуусун аныктоо максатында алардын жашаган жерине барышат.
22. Жашы жете электерге карата ушул Тартиптин 22-пунктунда белгиленген иш-чаралар жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана мэриялардын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиялар менен бирдикте ишке ашырылат.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 442 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 536 токтомуна |
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соттолгондорго социалдык жардам көрсөтүү маселеси боюнча түзөтүү мекемелери менен өз ара аракеттешүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомунун редакцияларына ылайык)