Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 10-майындагы № 231 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
3-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы № 545 токтомуна |
Ченемдик каржылоо шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлеринин чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Ченемдик каржылоо шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлеринин чыгымдарын түзүүнүн жана аткаруунун тартиби (мындан ары - Тартип) республикалык бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарын каржылоо механизмин аныктайт.
2. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарынын сметаларын түзүү, бекитүү жана аткаруу мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген формалар боюнча аныкталат.
2-глава. Мамлекеттик кесиптик лицейлерди бюджеттик каржылоо көлөмдөрүн түзүү
3. Ченемдик каржылоого өткөрүлгөн мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджеттик чыгымдары кесиптер, окутуу мөөнөттөрү жана курстары боюнча окуучулардын санына жана 2018-жылга бир окуучуга эсептегенде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлерин бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерине (мында ары - чыгымдардын ченеми) ылайык аныкталат.
4. Мамлекеттик кесиптик лицей республикалык бюджеттин каражаттарына керектөөнү кесиптер, окутуу мөөнөттөрү жана курстары боюнча окуучулардын санынын жана чыгымдардын ченеминин негизинде төмөнкү формула боюнча эсептейт:
мында:
- i-мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө.
4.1. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүнү кошкондо, i-мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга эмгек акы төлөө фондуна чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүнү кошкондо, j-кесиптер, окутуу мөөнөтү жана курсу боюнча келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлердин эмгек акы төлөө фондуна чыгымдардын ченеми;
- учурдагы окуу жылынын 1-октябрына карата j-кесиптер, окутуу мөөнөтү жана курсу боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлерде окугандардын саны;
- стационардык ашканалар болгон учурда ашпозчулардын жана ашкана жумушчуларынын эмгек акы төлөө фондуна чыгымдарды чагылдырган эмгек акы төлөө фондуна карата 1,04 жогорулатылган коэффициент;
- жатакана болгон учурда жатакананын жумушчуларынын эмгек акы төлөө фондуна чыгымдарды чагылдырган эмгек акы төлөө фондуна карата 1,06 жогорулатылган коэффициент;
- от казан жана от жагуучулар болгон, меш менен жылытылган учурда операторлордун эмгек акы төлөө фондуна чыгымдарды чагылдырган эмгек акы төлөө фондуна карата 1,03 жогорулатылган коэффициент;
- көркөм жана зер буюмдарын жана элдик кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү үчүн кадрларды даярдоочу, окуу топтору 12-15 окуучудан түзүлүүчү кесиптик лицейлердин эмгек акы төлөө фондуна карата 1,3 жогорулатылган коэффициент;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин эмгек акысына бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштеген стажына үстөк акы;
- жогоруда аталган токтомго ылайык бийик тоолуу жана алыскы зоналарда иштегендиги үчүн мамлекеттик кесиптик лицейлердин кызматкерлеринин эмгек акысына кошумчалардын коэффициенти.
4.2. - i-мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга стипендияга чыгымдардын ченемин камсыздоого республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- j-окуу мөөнөтү жана курсу боюнча келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлерде окугандардын окуу жана социалдык стипендиясына чыгымдардын ченеми;
- Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында окугандардын окуу жана социалдык стипендиясына кошумчалардын коэффициенти;
- келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлердин бүтүрүүчү - жетим балдарына жана реабилитациялык топторунун окуучуларына чыгуу жөлөкпулуна чыгымдардын ченеми;
- j-окутуу мөөнөтү жана курсу боюнча келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейдин чыгуу жөлөкпулун алган бүтүрүүчү жетим балдарынын жана реабилитациялык топтордогу окуучулардын саны;
4.3. - i-мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга окуучулардын тамактануусуна чыгымдардын ченемин камсыздоого республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- j-окутуу мөөнөтү жана курсу боюнча келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлердин окуучуларынын тамактануусуна чыгымдардын ченеми;
- j-окутуу мөөнөтү жана курсу боюнча келерки жылга стипендия алган окуучулардын саны;
4.4. - i-мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга чыгымдалуучу окутуу материалдарына чыгымдардын ченемин камсыздоого республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- j-кесип, окутуу мөөнөтү жана курсу боюнча келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлердин окуучуларынын чыгымдалуучу окуу материалдарына чыгымдардын ченеми;
4.5. - i-мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга калган чыгымдарга (окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле учурдагы оңдоо иштери) чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- j-окутуу мөөнөтү жана курсу боюнча келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлердин калган чыгымдарына чыгымдардын ченеми:
- окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу мастерлеринин квалификациясын жогорулатууга чыгымдар;
- имараттарды учурдагы оңдоо иштерине чыгымдар.
4.6. - i-мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү (электр энергиясы, жылытуу, көмүр сатып алуу, сууну пайдалануу жана байланыш кызмат көрсөтүүлөрү) төлөөгө чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- j-окутуу мөөнөтү жана курсу боюнча келерки жылга мамлекеттик кесиптик лицейлердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө чыгымдардын ченеми;
- Бишкек шаарынын № 20, № 91, № 94 мамлекеттик кесиптик лицейлеринин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүн төлөөгө чыгымдардын ченемине карата 2,5 жогорулатылган коэффициент.
5. Мамлекеттик кесиптик лицей келерки жылга чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына жалпы керектөөнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигине (мындан ары - Агенттик) төмөнкүлөргө чыгымдардын негизги багыттары боюнча берет:
- персоналга эмгек акы төлөөгө;
- чыгымдалуучу окуу материалдарына;
- окутуучулардын жана өндүрүштүк окутуу устаттарынын квалификациясын жогорулатууга;
- окуучулардын тамактануусуна;
- стипендияларды төлөөгө;
- бошонуу жөлөкпулуна;
- учурдагы оңдоо иштерине;
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө.
6. Ченемдик каржылоого өткөрүлбөгөн мамлекеттик кесиптик лицейлер үчүн чыгымдар сарптоолордун бардык беренелери боюнча чыгымдарды эсептөө жолу менен колдонуудагы жол-жоболорго жараша аныкталат.
7. Агенттик келерки жылга чыгымдардын ченемин камсыздоого республикалык бюджеттин каражаттарына суммалык керектөөнү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берет.
8. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик кесиптик лицейлердин келерки жылга чыгымдардын ченемин камсыздоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарына керектөөлөрү жөнүндө жалпыланган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бюджетинин жалпы долбооруна киргизет жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттин долбоорунда ченемдик каржылоого өткөрүлгөн мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарын экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бир сумма менен карайт.
3-глава. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджеттик жана атайын каражаттары боюнча чыгымдардын сметасын бекитүү
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Агенттикке келерки жылга бюджеттик каржылоонун жалпы контролдук көрсөткүчтөрүн экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бир сумма менен жеткирет.
11. Агенттик календарлык планга ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү бюджеттик каржылоого болгон жалпы керектөөлөргө жана керектөөлөрдү жабуунун бирдиктүү ченемине жараша аныктайт.
Ар бир мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга контролдук көрсөткүчтөр Агенттик тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджеттик каржылоого болгон жалпы керектөөлөрүн жабуу ченемин эске алуу менен төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- i-мамлекеттик кесиптик лицей боюнча келерки жылга контролдук көрсөткүчтөр;
- i-мамлекеттик кесиптик лицей боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик кесиптик лицейдин бюджеттик каржылоого болгон жалпы керектөөлөрү;
- мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджеттик каржылоого жалпы керектөөлөрүн жабуунун бирдиктүү ченеми.
12. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджеттик каржылоого болгон жалпы керектөөлөрүн жабуунун бирдиктүү ченеми мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджеттик камсыздалуусун этап-этап менен теңдөө саясатын жана республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
р - мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджеттик каржылоого жалпы керектөөлөрүн жабуунун бирдиктүү ченеми;
Б - келерки жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөр;
П - республикалык бюджеттин каражаттарынан мамлекеттик кесиптик лицейлердин жалпы керектөөсү.
13. Окуучулардын санына жана ченемге жараша каржылоо шарттарында бюджеттин жетишсиздиги боюнча финансылык тобокелдиктер жаралган мамлекеттик кесиптик лицейлер үчүн Агенттик оптималдаштыруу иш-чараларын жүргүзүү мезгилинде каржылоо дефицитин 2019-жылы 70 пайызга чейин, 2020-жылы - 50 пайызга чейин, 2021-жылы 30 пайызга чейин бюджеттен сырткаркы дотациялоону белгилөөгө укуктуу.
14. Финансылык тобокелдиктер деп республикалык бюджеттин каражаттарына иш жүзүндөгү керектөөгө салыштырмалуу чыгымдардын ченем боюнча эсептелген мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджетинин дефицити түшүнүлөт.
15. Дотация лицейлердин бюджетинин өсүшүн төмөндөтүүнүн бирдиктүү пайызынын эсебинен натыйжалуу мамлекеттик кесиптик лицейлердин жалпы бюджеттик чыгымдарынын чегинде, төмөнкү формула боюнча бөлүнөт:
мында:
- натыйжалуу мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджетинин өсүшүн төмөндөтүүнүн бирдиктүү пайызы;
- бюджеттин чегиндеги дотациянын суммасы;
- натыйжалуу мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджетинин өсүшү.
16. Агенттик мамлекеттик кесиптик лицейлерге бюджеттик чыгымдар боюнча жалпы контролдук көрсөткүчтөрдү экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бир сумма менен жеткирет.
17. Мамлекеттик кесиптик лицейлер бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметаларын белгиленген типтүү форма боюнча контролдук көрсөткүчтөрдүн чегинде, экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бир сумма менен түзүшөт. Сметалар экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрүү пландарын тиркөө менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленүүчү кварталга бөлүүнүн сценардык планына ылайык финансылык жылга түзүлөт.
18. Мамлекеттик кесиптик лицейлер бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын келерки жылга экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрүү пландарын тиркөө менен, экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бир сумма менен бекитишет жана Агенттикке макулдашуу үчүн беришет.
19. Агенттик бюджеттик каражаттардын бөлүштүрүлүшүн жана эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр боюнча кредиттик карыздарга жол берилбешин контролдойт.
20. Бекитилген республика боюнча мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарынын жалпыланган сметасы жеке сметалардын пакетин тиркөө менен Агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына берилет.
21. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметасына ылайык мамлекеттик кесиптик лицейлерди каржылайт.
22. Мында Агенттик бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметасынын аткарылышы жөнүндө отчет түзүү үчүн ар бир мамлекеттик кесиптик лицей боюнча чыгымдардын эсебин өз-өзүнчө жүргүзөт.
23. Бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын түзүүдө мамлекеттик кесиптик лицейдин чыгымдарынын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча пландалган иш-чаралар эске алынат.
24. Мамлекеттик кесиптик лицейдин жетекчиси финансылык жылдын аягында каражаттардын максатсыз пайдаланылышына жана кредиттик карыздарга жол берилгендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
4-глава. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджетин тактоо
25. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарынын бекитилген сметасынын көлөмдөрүн көбөйтүүдө же азайтууда жаңы смета тиешелүү мезгилге каржылоонун такталган планы катары аныкталат. Чыгымдардын сметасын тактоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча Агенттик тарабынан жүргүзүлөт.
26. Чыгымдардын сметасына өзгөртүүлөр төмөнкү себептер боюнча киргизилет:
- бюджет бекитилгенден кийин жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга же колдонуудагыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу;
- окуу жылынын башталышына карата топтордун санын көбөйтүүгө (азайтууга) алып келген окуучулардын санынын көбөйүшүнө (азайышына) байланыштуу;
- республикалык бюджеттен кошумча акча каражаттарынын бөлүнүшүнө байланыштуу.
27. Окуучулардын жана топтордун санынын өзгөрүшүнө байланыштуу, ошондой эле башка зарыл болгон учурларда (жетим балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ичинен окуучулар жана реабилитациялык топтордун окуучулары үчүн жайкы ден соолукту чыңдоочу лагерлерде эс алууну уюштуруу) мамлекеттик кесиптик лицейлердин чыгымдарынын сметасын тактоо мамлекеттик кесиптик лицейлердин ортосунда бюджетти кайра бөлүштүрүү же кошумча каражат бөлүү аркылуу жүргүзүлөт.
5-глава. Мамлекеттик кесиптик лицейлердин бюджетин аткаруу
28. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан каржылоонун кассалык планы берилгенден кийин Агенттик мамлекеттик кесиптик лицейлер боюнча экономикалык классификациянын беренелери боюнча каржылоонун көлөмүн бөлүштүрөт.
29. Кесиптик лицей бюджеттик каражаттарды алуучу болуп саналат жана Агенттик тарабынан түзүлүүчү кассалык план ар мамлекеттик кесиптик лицейди өз-өзүнчө каржылоону чагылдырат.
30. Агенттик кассалык планды тариздейт, ал "IS: Казна. Бюджет" программасына киргизилет.
31. Бөлүнүүчү каражаттардын суммасы аларга бюджетти аткаруу процессинде мыйзамдарда белгиленген тартипте киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен, жактырылган жылдык жана кварталдык сметалардын чегинде болушу керек.
6-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
32. Оперативдүү жана бухгалтердик эсеп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
33. Бюджеттик каражаттарды эсепке алуу жана отчеттуулук белгиленген казыналык жол-жоболорго ылайык ишке ашырылат.
34. Республикалык бюджеттин каражаттары боюнча чыгымдардын сметасын аткаруу жөнүндө отчет төмөнкүдөй түрдө түзүлөт:
- отчеттук мезгилге республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоонун бекитилген планы экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бир сумма менен чагылдырылат;
- отчеттук мезгилге республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылоонун такталган планы экономикалык классификациянын беренелери боюнча бөлүштүрбөстөн бир сумма менен чагылдырылат;
- отчеттук мезгилге республикалык бюджеттин каражаттарынан кассалык чыгымдардын суммасы экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бөлүштүрүлүп көрсөтүлөт;
- отчеттук мезгилге республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө сарпталган чыгымдар экономикалык классификациянын чыгымдарынын бардык беренелери боюнча бөлүштүрүлүп көрсөтүлөт.
35. Мамлекеттик кесиптик лицейлер ай сайын казыналыктын региондук бөлүмүнө "Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын аткаруу жөнүндө отчеттун" № 2 формасы боюнча сметалык көрсөткүчтөр жана кассалык аткаруу боюнча "IS: Казна. Бюджет" автоматташтырылган казыналык системасында түзүлгөн отчеттор менен салыштырып текшерилген жана бирдей болгон отчетторду беришет.
36. Квартал сайын мамлекеттик кесиптик лицейлер финансылык жана бухгалтердик отчетторду ("Баланс", "Баланска тиркеме", "Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын аткаруу жөнүндө отчеттун" № 2 формасы, "Атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын аткаруу жөнүндө отчеттун" № 4 формасы) түзүшөт жана аларды Агенттикке беришет.
37. Мамлекеттик кесиптик лицейлер республикалык бюджеттин каражаттары боюнча отчет түзүшөт жана аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бюджеттик уюмдар үчүн белгиленген формада жана мөөнөттө Агенттикке беришет.
38. Агенттик мамлекеттик кесиптик лицейлердин отчетторунун негизинде республикалык бюджеттин каражаттары жана атайын каражаттар боюнча жалпыланган отчетту түзөт.