Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2018-жылдын 22-ноябры № 551
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобону бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3, 182 жана 220-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31 жана 32-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндөгү макулдашууларын аткаруу тартиби тууралуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөдө төлөнгөн пайдага салыктын жана киреше салыгынын суммасын чегерүүнүн тартиби жөнүндө жобо күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 298 "Кыргыз Республикасында чет мамлекеттер менен түзүлгөн кирешеге жана капиталга (мүлккө) кош салык төлөөнү болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууларды (конвенцияларды) колдонуунун тартиби тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 4-декабрындагы N 99 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |