Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-декабрындагы № 563 токтомуна |
"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн РЕГЛАМЕНТИ
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
(Глава КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Регламент "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин, анын ичинде "Коопсуз шаар" автоматташтырылган информациялык системасын пайдалануу менен ишке ашырууга катышуучулардын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Регламентте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
"Коопсуз шаар" автоматташтырылган информациялык системасы (мындан ары - "Коопсуз шаар" АИС) - аппараттык-программалык комплекстерде жазылып калган информацияны чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу жана каттоо процесстерин жана Жол кыймылынын эрежелерин (мындан ары - ЖКЭ) бузуулар боюнча ыйгарым укуктуу органдар кабыл алган чечимдерди ЖКЭни бузуулар жөнүндө иштер боюнча токтомдордун көчүрмөлөрүнүн жеткирилгендиги/жеткирилбегендиги жана борбордук деңгээлде төлөнгөндүгү боюнча статусун чагылдыруу менен автоматташтырууну камсыздоочу мамлекеттик информациялык система;
аппараттык-программалык комплекс (мындан ары - АПК) - фото, кино жана видео тартуу функциялары бар сертификатталган контролдоочу-өлчөөчү техникалык каражаттар, ал транспорт каражаттарынын жалпы агымы, жазылып калган ЖКЭ жана видеокөзөмөл жөнүндө комплекстүү информацияны автоматтык түрдө берүүчү системадан турат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууга катышуучулар:
1) "Коопсуз шаар" АИСтин ээси (мындан ары - АИСтин ээси) - "Коопсуз шаар" АИСти иштетүүнү, техникалык жактан колдоону жана өнүктүрүүнү камсыздоочу электрондук башкаруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануучу (мындан ары - АИСти пайдалануучу) - "Коопсуз шаар" АИС аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал төмөнкүдөй иштерди аткарат:
ЖКЭни бузуу жөнүндө жазылып калган информацияны текшерет жана ЖКЭни бузуу жөнүндө токтомдорго электрондук кол тамга коёт;
ЖКЭни бузуу жөнүндө токтомдорду басып чыгарат жана конверттерге салат;
почта операторунун кызматын пайдалануу менен транспорт каражаттарынын ээлерине ЖКЭни бузуу жөнүндө токтомдорду жеткирет;
3) маалыматтарды иштеп чыгуучу резервдик борбордун (МИЧРБ) ээси - улуттук коопсуздук маселесин тейлеген, МИЧРБ түзүлүшүн, жаңыланышын жана иштетилишин ошондой эле, анын ичинде МИЧРБга келген информацияны "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануу менен резервдик сактоону камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
4) маалыматтардын массивин сактоочу - транспорт каражаттарын, айдоочулук курамды, туруктуу жашаган жерди жана паспорттук маалыматтарды каттоо жөнүндө маалыматтарды "Коопсуз шаар" АИС аркылуу берүүнү камсыздоочу калкты жана автотранспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. Маалыматтардын массивин сактоочу "Коопсуз шаар" АИС маалыматты иштеп чыгуу борборунун (МИЧБ) ээси болуп саналат жана анын иштешин, техникалык колдоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылат;
5) маалыматтарды берүүчү - "Коопсуз шаар" АИСтин иштеши үчүн керектүү информацияны АПКдан берүүнү камсыздоочу юридикалык жак.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава. Максаттар жана милдеттер
4. Регламенттин максаты "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашырууга катышуучулардын ортосундагы өз ара байланышта иштешүүнү камсыздоо болуп эсептелет.
5. Регламенттин милдети мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалитеттердин тийиштүү аймактарында жана муниципалитеттерден тышкары аймактарда ишке ашырылуучу "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруунун алкагында өз ара иштешүүнүн катышуучуларынын конкреттүү иш-аракеттерин аныктоо болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Өз ара байланышта иштешүүнүн тартиби
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Информацияны берүүчү АИСтин ээсине транспорт каражаттарынын жалпы агымы, катталган ЖКЭни бузуулар жана видеокөзөмөлдөө жөнүндө информацияны реалдуу убакыт режиминде, "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануу менен берүүнү камсыздайт.
8. АИС ээси "Коопсуз шаар" АИС пайдалануу менен МИЧБ жана МИЧРБ ээлеринин маалыматтарды берүүчүдөн информацияны үзгүлтүксүз алуусун камсыз кылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
9. МИЧБнын ээси "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануу менен МИЧБга келүүчү информациянын үзгүлтүксүз алынышын жана сакталышын камсыздайт.
10. "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануучу АИСтин ээсине ар бир жеке пайдалануучу үчүн ал жүзөгө ашыруучу төмөнкү функцияларга ылайык "Коопсуз шаар" АИСти пайдаланууга укук берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү суроо-талап менен электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу кайрылат:
- ЖКЭни бузуу жөнүндө жазылып калган информацияны текшерүү жана ЖКЭни бузуу жөнүндө токтомдорго электрондук кол тамга коюу;
- токтомдорду басып чыгаруу жана конверттерге салуу боюнча;
- почта операторунун кызматын пайдалануу менен транспорт каражаттарынын ээлерине токтомдорду жеткирүү боюнча;
- ЖКЭ бузуу жөнүндө токтомдорду тариздөө боюнча.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 44 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. АИСтин ээси АИСти пайдалануучудан жазуу жүзүндөгү өтүнүч алынган күндөн тартып 7 иш күндүн ичинде ар бир жеке пайдалануучуга ушул токтомдун 10-пунктунда көрсөтүлгөн алардын аткаруучу функцияларына жараша "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануу укугун (логин жана пароль) берет жана пайдаланууну камсыздайт.
12. АИСти пайдалануучу "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануу менен, ЖКЭни бузуу жөнүндө жазылып калган информация алынган күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде аларды текшерет жана электрондук кол тамга коёт.
13. АИСти колдонуучу ЖКЭни бузуу жөнүндө фактыларды ырастаган жана электрондук кол тамга койгон учурда "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануу менен ЖКЭ бузуу жөнүндө токтомду автоматтык режимде тариздейт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Маалыматтардын массивин сактоочу "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануу менен АИСтин ээсине ЖКЭни бузуулар жөнүндө токтомдорду тариздөө үчүн керектүү маалыматтарды автоматтык режимде берет.
15. АИСтин ээси "Коопсуз шаар" АИСти пайдалануу менен МИЧРБ ээсине ЖКЭни бузуулар жөнүндө таризделген токтомдорду реалдуу убакыт режиминде жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
16. АИСти пайдалануучу ЖКЭни бузуулар жөнүндө токтомдор таризделген күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде алардын кагазга басып чыгарылышын жана конверттерге салынышын, жана ошондой эле, почта операторунун кызматын пайдалануу менен жеткирилишин камсыздайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
17. АИСти пайдалануучу "Коопсуз шаар" АИСти пайдаланып, кат жеткирилген күндөн тартып 2 иш күндүн ичинде АИСтин ээсине ЖКЭни бузуу жөнүндө конкреттүү токтомдун "жеткирилгендик" статусу жөнүндө маалымдайт.
18. ЖКЭни бузуу жөнүндө токтомдун үстүнөн даттанылган учурда АИСти пайдалануучу аталган даттануунун каралгандык статусу жана ал боюнча чыгарылган чечим жөнүндө тийиштүү маалыматты "Коопсуз шаар" АИСке киргизет.
19. АИСти пайдалануучу АИСтин ээси менен макулдашуу боюнча көчмө АПКлардын жайгаштырылуучу жерлери жөнүндө маалыматты алар орнотулганга чейин 1 иш күндөн кечиктирбестен Маалыматты берүүчүгө берет.
20. Маалыматты берүүчү АИСти пайдалануучудан көчмө АПКлардын жайгаштырылуучу жерлери жөнүндө алынган маалыматка (датасына жана убактысына) ылайык көчмө АПКлардын орнотулушун камсыздайт.
4-глава. Тараптардын жоопкерчиликтери
21. "Коопсуз шаар" АИСтин ар бир жеке пайдалануучусу берилген логинди жана паролду пайдаланып гана иштөөгө милдеттүү.
22. Долбоордун катышуучулары өздөрүнүн функцияларын аткарууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык маалыматтардын жашырындыгын, ачыкка чыгарылбашын жана корголушун камсыздоого милдеттүү.
23. Ушул Регламенттин ченемдерин бузгандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопко тартылышат.
24. "Коопсуз шаар" АИСке берилүүчү маалыматтардын жана кабарлардын тууралыгын камсыздоо боюнча милдет Маалыматтардын массивин сактоочуга жүктөлөт, ал эми "Коопсуз шаар" АИСте пайдаланылуучу маалыматтардын сакталышын камсыздоо боюнча милдет "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык АИСтин ээсине жүктөлөт.