Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-декабры № 573
Мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 16-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында:
37-пунктунун "Бир жумалык окуу жүктөмүнүн чеги" сабында:
- "6" графасындагы "29" деген цифралар "30" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "9" графасындагы "31" деген цифралар "30" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- кийинки жылдарга жалпы билим берүүчү уюмдардын базистик окуу планын оптималдаштырууну жүргүзсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 18-декабрындагы N 103 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |