Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 595
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын гидротехникалык курулмалар комплекси менен эксплуатациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын тиешелүү түрдө эксплуатациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 "Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы "жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын" деген сөздөрдөн кийин ", ушул токтомдун 2 жана 2-пункттарында аталган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Ушул токтомдун 1-пунктунун иш-аракети Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын эксплуатациялоо үчүн башкармалык түзүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жайылтылбайт.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |