Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 610
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети 2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин аймагына келүүчү үчүнчү мамлекеттердин жарандарын жана жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болгон ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болгон ыйгарым укуктуу орган жөнүндө кабарласын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |