Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 521 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-ноябры № 556
Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84, 2022-жылдын 31-майындагы № 283 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды баккан ата-энелерине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү тартибин регламенттештирүү максатында, Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын 23-беренесине, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 6 жана 7-беренелерине, "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 11 жана 39-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала жана/же адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала жана/же адамды баккан жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасы боюнча калктын жан башына туура келүүчү жашоо минимумунун өлчөмүндө белгилене тургандыгы аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
- милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча ыктыярдуу патентти жана камсыздандыруу полисин сатып алууга чыгымдарды жабууну эске алуу менен бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистентине төлөмдөрдү жүргүзүп турсун;
- 2019-жылдын 1-январынан тартып ушул токтомду ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-жылдын 1-январынан тартып республикалык бюджеттен багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөгө жана ыктыярдуу патентти жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин сатып алууга кошумча каражаттарды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үчүн издеп тапсын жана караштырсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду эки жумалык мөөнөттө багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы баккан жеке ассистент үчүн ыктыярдуу патент жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин алуунун өз ара аракеттенүү жол-жобосунун механизмин иштеп чыксын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын ''Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторунда (ЭИМК, 3-версия):
- "Башка топторго киргизилбеген, жашоону камсыздоосуз башка социалдык тейлөөлөр" деген 88.99.0-класс төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"
|
| Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы баккан жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү |
".
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| М.Д. Абылгазиев |