Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 556 токтомуна)
|
Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 283 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) жеке ассистент катары бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү (майыптыгы бар) баланы жана/же адамды багуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишимди (мындан ары - келишим) түзүү тартибин;
2) бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистентинин (мындан ары - жеке ассистент) кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө тартибин;
3) келишимдин мазмунун, аны түзүү жана бузуу тартибин;
4) келишимдин шарттарын сактабагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилигин;
5) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча ишке мониторинг жүргүзүү тартибин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 283 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
- ыйгарым укуктуу орган - аткаруу бийлигинин эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы.
- жеке ассистент - ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар), жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таянеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси) же 65 жашка чейинки, майыптыгы ата-энесин кошпогондо майыптыгы жок жана балдарга карата кылмыштар боюнча соттуулугу жок, ыйгарым укуктуу орган бекиткен программа боюнча тиешелүү окутуудан өткөн башка адамдар. Окутуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
- жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүн алуучу - "бирөөнүн багуусуна дайыма муктаж" же "бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж" экендиги жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала жана/же бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам (18 жаштан улуу) (мындан ары - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала жана адам).

3. Ушул Жобонун колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылат:
1) менчигинин түрүнө карабастан интернат мекемелеринде жашабаган Кыргыз Республикасынын жарандары болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга жана/же бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам (18 жаштан улуу);
2) ата-энелеринин бири Кыргыз Республикасынын жараны болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга;
3) ата-энелери жарандыгы жок жактар болгон, бирок Кыргыз Республикасында төрөлгөн жана туруктуу жашаган же туруктуу жашоого укугу болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга;
4) ата-энелери Евразия экономикалык бирлигине катышуучу өлкөлөрдүн жарандары болгон, бирок Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган же туруктуу жашоого укугу болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга;
5) ата-энелери чет өлкөлүк жарандар болгон, бирок Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган же туруктуу жашоого укугу болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга.

4. Бул Жобо менчигинин түрүнө карабастан күнү-түнү болуу шарты менен интернат тибиндеги мекемеде жашаган бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга жана бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга (18 жаштан улуу) карата колдонулбайт.

5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды жеке ассистенттин багуусу жеке ассистент кызматын алуучулардын жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.

6. Жеке ассистенттин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

2-глава. Келишимди түзүү тартиби
7. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүүү баланы тарбиялаган жана/же адамды (баланы жана/же адамды) баккан ата-энеси, мыйзамдуу өкүлү (асыроочулар, көзөмөлчүлөр, камкорчулар) же жакын туугандары (чоң атасы, чоң апасы, таятасы, таенеси, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандары, багып алган ата-энеси), ошондой эле майыптыгы бар адамды багуу боюнча тажрыйбасы бар адамдар өзүнүн иш жүзүндө жашаган жери боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө (мындан ары - аймактык бөлүм) жеке ассистенттин кызматтарын көрсөтүү жөнүндө арызын берүүгө укуктуу.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын ата-энесине, мыйзамдуу өкүлүнө жана жакын туугандарына жеке ассистенттин функцияларын ишке ашыруу үчүн тиешелүү окутуудан өткөндүгү жөнүндө талап жайылтылбайт.

8. Арызда арыз ээси менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын ортосундагы туугандык формасы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жашоо шарты, киреше булактары көрсөтүлүүгө тийиш.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) арыз ээсине:
- саламаттык сактоо уюмдары тарабынан берилген психикалык оорусунун жоктугу жөнүндө медициналык маалымкаттын көчүрмөсү;
- соттуулугунун жоктугу тууралуу маалымкат (ата-энесин кошпогондо);
- арыз ээсинин жашаган жеринен маалымкат;
- паспорттун көчүрмөсү (ID-карта);
- банктагы алыш-бериш эсеби.
Эгерде ата-эне, мыйзамдуу өкүлү же жакын тууганы жеке ассистент катары башка адамды жалдоону суранса, анда ата-энесинин, мыйзамдуу өкүлүнүн же жакын тууганынын атынан жазуу жүзүндөгү арыз берилет.
2) кызмат көрсөтүүнү алуучуга:
- "бирөөнүн багуусуна дайыма муктаж" же "бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж" экендигин жана реабилитациялоонун жеке программасын көрсөтүү менен медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын көчүрмөсү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан толтурулуучу аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту (аймактык бөлүм тарабынан суралат);
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын паспортунун (ID-карта) же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.

9. Жеке ассистент ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

10. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 283 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. Аймактык бөлүм 5 жумуш күндүн ичинде ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде арыз ээсин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистенти катары дайындоо жөнүндө буйрукту чыгарат же арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын анык эместиги же арыз ээсине жеке ассистенттин функцияларын толук аткарууга мүмкүндүк бербеген башка жагдайлар аныкталган учурда баш тартат.
Арыз ээсин жеке ассистенти катары дайындоодон баш тартуу жөнүндө буйрук чыгарылган учурда аймактык бөлүм баш тартуунун себептерин чечмелеп түшүндүрөт.

12. Арызчыны жеке ассистент кылып дайындоо тууралуу буйрук ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимди даярдоо жана түзүү үчүн негиз болуп эсептелет.
Аймактык бөлүм жеке ассистент менен ыктыярдуу патенттин жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисинин негизинде гана кийинки айга келишим түзөт, аларды сатып алууга кеткен чыгымдардын орду жеке ассистентке акы төлөө учурунда толтурулат.

13. Келишимдин колдонуу мөөнөтү бир жыл. Эгерде жыл өткөндөн кийин жеке ассистент катары мурда келишим түзүлгөн адам кала берсе, келишим дагы бир жылга узартылат. Келишимди узартуу жеке ассистенттан кызматын алуучунун макулдугу болгон учурда мүмкүн. 8-пунктта көрсөтүлгөн документтер эки жылда бир жаңыланып турат.

3-глава. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды баккандыгы үчүн кызмат көрсөтүүлөргө төлөө тартиби. Эсептөө тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
14. Акчалай төлөмдөр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистентине банк системасы же Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу ай сайын накталай эмес формада төлөнөт.
Жеке ассистентке төлөм келишим түзүлгөн айдан кийинки айдан тартып эсептелет.
Социалдык төлөмдөргө кошумча акынын райондук коэффициенти белгиленген бийик тоолуу жана алыскы калктуу конушта жашаган жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөмдүн өлчөмү коэффициентти көңүлгө албастан эсептелет.

15. Жеке ассистент бир эле мезгилде бир үй-бүлөдөн бир нече ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды (эки жана андан ашык) баккан учурда ар бир кызмат көрсөтүүнү алуучу үчүн кызмат көрсөтүүлөргө төлөөдөн 50 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөнөт.

16. Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана жеке ассистент республиканын чегинен сыртка убактылуу (6 айга чейин) чыгып кеткен учурда жеке ассистент чыгып кетүүгө чейин 5 күн мурун аймактык бөлүмгө кабарлоого милдеттүү. Мында кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөм келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктабаган, ай сайын ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полиси алынган учурда ушул Жобого ылайык берилет.
Жеке ассистент убактылуу кетип калган учурда кызмат көрсөтүүнү алуучуга башка жеке ассистент дайындалышы керек.

17. Төлөмдөрдү төмөнкү учурларда жүргүзүүгө жол берилбейт:
- ыктыярдуу патентти жана камсыздандыруу полисин албаган учурда;
- эгерде кызмат көрсөтүүнү алуучу жана жеке ассистент республиканын чегинен сыртка чыгып кетип 6 ай өткөндөн кийин кайтып келбесе;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусун колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
- келишимдин колдонулушун токтотууга алып келген жагдайлар келип чыккан учурда.

18. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүн ашыкча төлөнгөн суммалары, эгерде ашыкча төлөө аймактык бөлүмдүн күнөөсү менен болсо, аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан калыбына келтирилүүгө тийиш. Төлөнгөн сумманы кайтаруу жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө ашыкча төлөнгөн сумма аныкталган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлүүгө тийиш.
19. Жалган маалыматтарды жана документтерди берүүгө байланыштуу жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө ашыкча төлөнгөн сумма аныкталган учурда ашыкча төлөнгөн сумма жеке ассистент тарабынан кайтарылат, ал эми жеке ассистент кайтаруудан баш тарткан учурда бул сумма сот тартибинде өндүрүп алынат.
20. Жеке ассистенттин мыйзамсыз дайындоосуна жол берген же келишим түзүү боюнча документтерди тариздөөнү атайылап создуктурган аймактык бөлүм жана тиешелүү кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
4-глава. Келишимдин тараптарынын укуктары жана милдеттери
21. Жеке ассистент төмөнкүлөргө укуктуу:
1) күн тартибин өз алдынча аныктоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жашоосундагы күнүмдүк маселелерди чечүүгө;
2) өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле аймактык бөлүмдүн мыйзамсыз аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга.
Жеке ассистент катары ата-энесине, мыйзамдуу өкүлүнө же жакын туугандарына караганда башка адам аныкталган учурда, күн тартибин жана кызмат көрсөтүүнү алуучу жашоо-турмушун аныктоо боюнча маселелер алар менен макулдашылып чечилет.

22. Жеке ассистент төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча көндүмдөргө окуудан өтүүгө (аймактык бөлүнүштүн сунуштары боюнча);
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды сапаттуу жана ак дилинен багууга жана камкордук көрүүгө;
3) медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын дарыгер-эксперттери иштеп чыккан баланы реабилитациялоонун жеке программасында аталган медициналык талаптарды так сактоого;
4) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча медициналык талаптарды сактоого, медициналык документтерге ылайык үй-бүлөлүк дарыгерлердин, башка медициналык адистердин дайындоолорун аткарууга (баланын өнүгүшүнүн амбулатордук картасы, көчүрмө эпикриз, дарыгердин корутундусу жана башка медициналык документтер);
5) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын коопсуздугун камсыздоого;
6) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды коомго интеграциялоо жана социалдык адаптациялоо боюнча бардык күч-аракетти жумшоого;
7) келишимдин шарттарын жана ушул Жобону сактоого.

23. Жеке ассистент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимде жана ушул Жободо каралган өздөрүнүн милдеттерин тиешелүү эмес түрдө аткарганда же аткарбаганда жоопкерчилик тартат.
24. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнүн ак ниет аткарылгандыгын ырастоочу кошумча маалыматтарды жана документтерди суроого, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды баккан адам жөнүндө маалыматты кошуналарынан, туугандарынан жана башка адамдардан суроого;
2) анын шарттары бузулган учурда келишимди бир тараптуу бузууга.

25. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды баккан жеке ассистенттердин эсебин жүргүзүүгө:
2) жеке ассистенттер үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча окутуучу семинарларды уюштурууга;
3) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
4) түзүлгөн келишимге ылайык жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө үчүн ыйгарым укуктуу органга табыштаманы өз убагында жиберүүгө;
5) жеке ассистенттин ишине жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды реабилитациялоонун жеке планын аткарууга мониторинг жүргүзүүгө;
6) келишимдин шарттарын жана ушул Жобону сактоого.

5-глава. Келишимди колдонууну токтотуу
26. Келишимди колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана адамды менчигинин түрүнө карабастан күнү-түнү болуу шарты менен интернат тибиндеги мекемеге жана социалдык стационардык мекемеге жайгаштырганда;
3) ата-энелик укуктардан ажыратканда же ата-энелик укуктарды чектегенде же баланы асырап алган үй-бүлөдөн алып койгондо же камкордук же көзөмөлдүк укуктары токтотулганда;
4) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын абалы жакшырганда, айыкканда;
5) эгерде кызмат көрсөтүүнү алуучу жеке ассистент же жеке ассистенттин күнөөсү боюнча башка адам тарабынан кара күч жана (же) психикалык, ошондой эле зомбулуктун башка түрлөрүнө дуушар болсо;
6) келишимдин шарттары сакталбаганда;
7) бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча кызмат көрсөтүүдөн жеке ассистент ыктыярдуу баш тартканда;
8) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала жана/же адам каза болгондо же жеке ассистент каза болгондо;
9) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала жана/же адам келишим түзүлгөн аймактык бөлүмдүн жоопкерчилигиндеги райондун аймагынын чегинен тышкары жаңы жашаган жерге көчкөн учурда жеке ассистент тарабынан;
10) келишим мөөнөтүнөн мурда бузулганда.
Жаңы жашаган жери боюнча келишим ушул Жобого ылайык түзүлөт;
Жеке ассистент келишимди токтотууга негиз болгон учурдун келгени жөнүндө аймактык бөлүмгө 5 жумуш күндүн ичинде маалымдоого милдеттүү.

26-1. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин шарттарында өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режимин алып салган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин төмөнкүлөрдүн жарактуулук мөөнөтү узартылат:
- ушул Жобонун 26-пунктунун 3 жана 5-8-пунктчаларындагы учурларды кошпогондо, өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал мезгилинде жарактуулугу аяктай турган бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдин;
- бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө ыктыярдуу патенттердин жана камсыздандыруу полистеринин.

6-глава. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча мониторинг жүргүзүү
27. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү кызмат көрсөтүүнү алуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында аймактык бөлүм жашаган жери боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу ишине мониторинг жүргүзөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы багуу боюнча мониторинг аймактык бөлүмдүн кызматкери тарабынан жүргүзүлөт:
- ай сайын - аймактык бөлүм менен келишим түзүлгөн күндөн тартып үч ай аяктаганга чейин, кийин квартал сайын;
- пландан тышкары (жазуу жүзүндө, оозеки, тоголок арыздар жана даттануулар түшкөндө).

28. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча аймактык бөлүмдүн кызматкери ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адам багуу боюнча жеке ассистенттин иши жөнүндө отчет түзөт.

29. Отчетто ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын ден соолугунун абалы, эмоциялык жана жүрүм-турумдук өнүгүшү, тышкы кебетеси жана үй-бүлөсү менен мамилеси тууралуу маалыматтар жана реабилитациялоонун жекече планынын аткарылуу натыйжасы чагылдырылат.

30. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана/же адамды багуу боюнча отчет контролдук текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 7 иш күндүн ичинде таризделет, контролдук текшерүү жүргүзгөн аймактык бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан кол коюлат жана аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан бекитилет. Отчет эки нускада таризделет, анын бири жеке ассистенттин өзүнө отчет бекитилген күндөн тартып 3 иш күн ичинде берилет, экинчи нускасы аймактык бөлүмдө, кызмат көрсөтүүнү алуучунун өздүк көктөмөсүндө сакталат.

31. Типтүү документтердин, арыздардын, журналдардын формаларынын жана отчеттордун үлгүлөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
|
| Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Форма
Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды багуу боюнча жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ

20__-жылдын "___" ______________
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмүнүн атынан, мындан ары "Аймактык бөлүм" деп аталуучу
__________________________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
жана мындан ары "Жеке ассистент" деп аталуучу

төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1. Кызматтарды көрсөтүү келишими боюнча жеке ассистент

(кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү)
баланы/адамды багуу боюнча милдеттерди өзүнө алат.
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала/адам

____________________________________________________________________ оорулар менен ооруйт.
3. Үй-бүлө мүчөлөрү:

(үй-бүлө мүчөлөрүнүн аты-жөнү)
4. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын/адамдын камкорчусу:

5. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын/адамдын турак жай шарттары:

6. Жеке ассистент Аймактык бөлүмгө ушул келишимде аталган кызматтарды көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Аймактык бөлүм заказ кылынган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөгө милдеттенет.
7. Жеке ассистент өз ишин ыктыярдуу патенттин жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруунун камсыздандыруу полисинин негизинде жүргүзөт.
8. Келишимдин мөөнөтү жана аны токтотуу шарттары ушул келишимдин 3-главасында көрсөтүлгөн.
2. Тараптардын укуктары жана милдеттери
9. Жеке ассистент төмөнкүлөргө укуктуу:
- күн тартибин өз алдынча аныктоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын/адамдын жашоосундагы күнүмдүк маселелерди чечүүгө;
- өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Аймактык бөлүмдүн укуксуз аракеттерине даттанууга.
10. Жеке ассистент төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды багуу көндүмдөрү боюнча окуудан өтүүгө (Аймактык бөлүмдүн сунушу боюнча);
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага/адамга карата сапаттуу жана ак ниет багууну жана камкордук көрүүнү камсыз кылууга;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын дарыгер-эксперттер иштеп чыккан реабилитациялоонун жеке планында көрсөтүлгөн медициналык талаптарды так сактоого;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды багуу боюнча медициналык талаптарды сактоого, медициналык документтерге ылайык (өсүшүнүн амбулатордук картасына, чыгаруудагы эпикризге, дарыгердин корутундусуна ж.б.) үй-бүлөлүк дарыгердин, бир багыттагы адистердин дайындоосун аткарууга;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана адамдын өз убагында тамактануусун камсыздоого;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын/адамдын гигиенасынын жана уйкусунун бардык зарыл болгон талаптарын сактоого;
- керектүү учурда баштапкы медициналык жардам көрсөтүүгө;
- коопсуздукту камсыздоого;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана адамды коомго интеграциялоо жана социалдык адаптациялоо боюнча бардык күч-аракеттерди жумшоого;
- Аймактык бөлүмдүн талабы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды багуу боюнча жумушундагы кемчиликтерди оңдоого;
- ушул келишимдин шарттарын сактоого;
- кызмат алуучу жана жеке ассистент республикадан сыртка убактылуу (6 айга чейин) чыгып кеткен учурда чыгууга 5 күн калганда бул тууралуу Аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө билдирүүгө;
- ыктыярдуу патентти жана камсыздандыруу полисин ай сайын жана өз убагында алууга.
11. Аймактык бөлүм төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана адамды баккан жеке ассистенттерди эсепке алууга;
- жеке ассистент үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды багуу боюнча окутуу семинарларын уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул келишимдин негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого;
- эгерде жеке ассистент катары ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү же жакын тууганы болсо, жеке ассистент аткарган жумушун ар убакта текшерүүгө жана жеке ассистент катары башка адам болсо, аны күндүз текшерүүгө;
- жеке ассистенттин ишине жана баланы/адамды реабилитациялоонун жеке планын аткарууга мониторинг жүргүзүүгө;
- кошуналардан, туугандардан жана башка адамдардан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды баккан адам тууралуу маалыматты суроого;
- жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнө өз убагында төлөөнү уюштурууга;
- ыйгарым укуктуу органга жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнө төлөө боюнча бухгалтердик, статистикалык эсепке алууну жана отчетторду белгиленген тартипте берүүгө;
- ушул келишимди, анын шарттары бузулган учурларда бир тараптуу тартипте бузууга.
3. Келишимди колдонуу мөөнөтү жана токтотуу шарттары
12. Ушул келишим кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана бир жылдын ичинде колдонулат.
13. Келишимди колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
- келишимди колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы жана адамды менчигинин түрүнө карабастан интернаттык типтеги мекемеге, күнү-түнү жатуу менен социалдык стационардык мекемеге жайгаштырууда;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы интернат тибиндеги балдар мекемесине жайгаштырууда;
- жеке ассистент ата-энелик укуктан ажыратылганда же ата-энелик укуктары чектелгенде же багып алуучу үй-бүлөдөн бала алынганда же камкорчунун же көзөмөлчүнүн укуктары токтотулганда;
- кызмат көрсөтүүнү алуучу каза болгондо же жеке ассистент каза болгондо;
- кызмат көрсөтүүнү алуучу жеке ассистенттин же анын күнөөсү боюнча башка адамдын физикалык жана (же) психикалык, ошондой эле зомбулуктун башка түрлөрүнө дуушар болгондо;
- келишимдин шарттары сакталбаганда;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала/адам Аймактык бөлүмдүн жоопкерчилигинде болгон райондун чегинен тышкары жаңы жашай турган жерине көчүп кеткенде;
- жеке ассистент кызматтарды көрсөтүүдөн ыктыярдуу баш тартканда;
- ушул келишим мөөнөтүнөн эрте бузулганда.
14. Жеке ассистент келишимди токтотуу үчүн негиз болгон учур келгендиги тууралуу 5 иш күндүн ичинде Аймактык бөлүмгө билдирүүгө милдеттүү.
4. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө
15. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнүн өлчөмү
___________________________________________________________________________ сомду түзөт.
(суммасы жазуу жүзүндө)
16. Кызмат көрсөтүүгө төлөө жана ыктыярдуу патентти жана милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин сатып алууга чыгымдардын ордун толтуруу жеке ассистенттин алыш-бериш эсебине же Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасына каражаттарды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
17. Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана жеке ассистент республикадан сыртка убактылуу (6 айга чейин) чыгып кеткен учурда кызмат көрсөтүүгө төлөө келишимдин мөөнөтү бүтө элек болсо, ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полиси болгон учурда жүргүзүлөт.
18. Жеке ассистент республикадан сыртка чыгып кеткендиги жөнүндө билдирбесе жана бул мониторинг жүргүзүүдө аныкталган учурда, төлөм токтотулат.
19. Кызмат көрсөтүүнү алуучу жана жеке ассистент 6 ай өткөнгө чейин кайтып келбеген учурда кызмат көрсөтүү үчүн төлөм токтотулат, ал эми кайтып келгенден кийин жеке ассистент аймактык Аймактык бөлүмгө жазуу жүзүндө билдирет, өткөн мезгил үчүн төлөнбөстөн, төлөм кайра улантылат.
20. Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөм төмөнкү учурларда жүргүзүлбөйт:
- жеке ассистент ыктыярдуу патентти жана камсыздандыруу полисин албаса;
- эгерде кызмат көрсөтүүнү алуучу жана жеке ассистент республикадан сырткары чыгып кеткенден тартып 6 ай өткөнгө чейин кайтып келбесе;
- медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
- келишимди колдонууну токтотууга алып келүүчү жагдайлар келип чыкканда.
5. Талаштарды чечүүнүн тартиби
21. Ушул келишимди аткаруу процессинде тараптардын ортосунда пайда болгон талаштарды, алар пайда болгондон кийин 10 жумушчу күндүн ичинде макулдашылган чечимди иштеп чыгуу максатында тараптар карап чыгат, ал эми макулдашуу ишке ашпай калганда - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык каралат.
6. Корутунду жоболор
22. Ушул келишимге ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө түзүлүп, тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган шартта гана жарактуу болот. Ушул келишимге тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
23. Ушул келишим мамлекеттик жана расмий тилдерде, эки нускада түзүлдү. Эки нускасы тең окшош жана бирдей күчкө ээ. Тараптардын ар биринде ушул келишимдин бирден нускасы болот.
Аймактык бөлүмдүн жетекчиси: |
| Жеке ассистент: |
_________________________________ |
| _________________________________ |
(аты-жөнү, колу) |
| (аты-жөнү, колу) |
(мөөрү) __________________________ |
|
|
|
|
|
Тараптардын дареги: |
|
|
_________________________________ |
| _________________________________ |
_________________________________ |
| _________________________________ |
|
| Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Типтүү форма

| ЭСКМБ начальниги |
|
| ____________________________________ |
|
| ____________________________________ (аты-жөнү) |

| ____________________________________ дареги боюнча жашаган |
|
| Тел. _______________________________ |
АРЫЗ
Сизден _______________________________________________________________________________
__________________________________________________________________ оорусу менен ооруган
(оорунун аталышы)
______________________________________________________________________________________
(кызмат көрсөтүүнү алуучунун аты-жөнү)
ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы/адамды багуу боюнча жеке ассистент катары мени кабыл алууңузду суранам.
туугандык даража:

Колу: _____________________
Дата: _____________________
|
| Бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жана/же адамдын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору
Республиканский центр медико-социальной экспертизы при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
_________________________________________________________________________________
(медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын аталышы) (наименование медико-социальной экспертной комиссии)

(шаар, район, облус) (город, район, область)
МСЭКтин "бирөөнүн багуусуна дайыма муктаж" же "бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж" экендигин аныктоо жөнүндө маалымкатына МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынан көчүрмө Выписка из акта освидетельствования МСЭК к справке МСЭК об определении "нуждается в постоянном постороннем уходе" или "нуждается в постоянном постороннем уходе и надзоре" № _____________ серия ____________

(жеке ассистенттин кызматын алууга көрсөтүү үчүн арналат) (предназначена для предъявления на получение услуги персонального ассистента)
"Бирөөнүн багуусуна дайыма муктаж" же "бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж" экендигин аныктоо боюнча МСЭКтин корутундусу
Заключение МСЭК по определению "нуждаемости в постоянном постороннем уходе" или в "постоянном постороннем уходе и надзоре"
_____________________________________________________________________________________

(күбөлөндүрүлүүчүнүн аты-жөнү) (Ф.И.О. освидетельствуемого)
Туулган күнү:
Дата рождения: _______________________________________________________________________
(күнү, айы, жылы) (число, месяц, год)
Күбөлөндүрүлүүчү жашаган жери:
Адрес проживания освидетельствуемого: __________________________________________________

Күбөлөндүрүү күнү:
Дата освидетельствования: _____________________________________________________________
(күнү, айы, жылы) (число, месяц, год)
------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
(кесүү сызыгы) (линия отреза)

___________________________________________________________________________

МСЭКтин "бирөөнүн багуусуна дайыма муктаж" же "бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж" экендигин аныктоо жөнүндө маалымкаты Справка МСЭК об определении "нуждается в постоянном постороннем уходе" или "нуждается в постоянном постороннем уходе и надзоре" № _________ серия _________
(күбөлөндүрүлүүчүгө берилет) (выдается освидетельствуемому)

Күбөлөндүрүлүүчүнүн жашаган жери:
Адрес освидетельствуемого: _____________________________________________________________
Туулган күнү:
Дата рождения: ________________________________________________________________________
(күнү, айы, жылы) (число, месяц, год)
Күбөлөндүрүү күнү:
Дата освидетельствования: ______________________________________________________________

(жазуу жүзүндө көрсөтүлөт) (указывается прописью)
Кайсы мөөнөткө берилди:
Установлен на срок до __________________________________________________________________
(күнү, айы, жылы) (число, месяц, год)
МСЭК төрагасы
Председатель МСЭК ___________________________________________________________________
(аты-жөнү, колу) (Ф.И.О., подпись)
МО:
МП:
Арткы бети
Оборотная сторона

Майыптыктын белгиленген тобу же "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү бала" категориясы
Установленная группа инвалидности или категория "ребенок с ограниченными возможностями здоровья"

(жазуу жүзүндө көрсөтүлөт) (указать прописью)

МО
МП
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 521 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ