Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомуна ылайык)
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 624
Ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзгөн субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесинин 1-пунктуна жана 354-беренесинин 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасында:
- 63-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
63 | Котормочунун кызмат көрсөтүүлөрү (жазуу жүзүндө жана оозеки которуу): |
|
|
| - чет тилден которуу; | 74.30.0 | 2000 |
| - кыргыз тилинен которуу |
|
|
| - сурдокотормочу |
| 300 |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 28-декабрында N 106 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |