Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 654
Бирдиктүү казыналык эсептин системасынан тышкары бюджеттик, атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын атайын каражаттары жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо көрсөтүү фонду жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 785 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 15-январындагы N 2 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |