Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 651
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 494, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Токой чарбаларынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй токой чарбасы" мекемесинин базасында ага "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу департаментинин Ысык-Ата токой-аңчылык чарбасы" мекемесин кошуу жолу менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй токой-аңчылык чарбасы" мекемеси;
- "Алай өз алдынча токойчулугу" мекемесине "Чоң-Алай токойчулугу" мекемесин бириктирүү жолу менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Алай токой чарбасы" мекемеси.
Төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Манас токой чарбасы" мекемесин кошуу жолу менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Бакай-Ата токой чарбасы" мекемеси;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 494 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 494 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы № 494 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- тиешелүү функцияларын, болгон штаттык бирдиктерин, жер участокторун, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча тиешелүү жол-жоболордун аткарылышын уюштурсун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген штаттык сандын жана тийиштүү жылга каралган каражаттардын чегинде ушул токтомду ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 15-январындагы N 2 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |