Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 667
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |
|
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
1-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьясында:
а) 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы "бирок тобокелдин жогорку даражасындагы субъекттер" деген сөздөрдөн кийин "жана энергетика тармагындагы тобокелдин жогорку даражасындагы текшерүү субъекттерине таандык объекттер" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Тамак-аш азыктарын өндүрүүгө, сактоого, ташууга жана сатууга коюлуучу талаптардын шайкештигине, экологиялык жана техникалык коопсуздуктун талаптарын сактоо боюнча пландык текшерүүлөр алдын ала кабарлоосуз жүргүзүлөт.";
2) 12-статьясынын 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Энергетика тармагындагы ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө тескеме (буйрук, көрсөтмө) объекттердин аймактык жайгашуусун (базалашуусун) эске алуу менен объекттердин тобуна карата макулдашылат.".
2-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры № 667
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу