Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 659 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (мындан ары - Мамфинкөзөмөл) банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту көзөмөлдөөдө жана жөнгө салуу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Мамфинкөзөмөл өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамфинкөзөмөл ушул Жободо көрсөтүлгөн функциялары жана ыйгарым укуктары менен катар Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарга да ээ.
4. Мамфинкөзөмөл өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
5. Мамфинкөзөмөл юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын системасында жана коммерциялык банктарда алыш-бериш жана башка эсептери бар.
6. Өзүнүн ыйгарым укуктарын жана функцияларын ишке ашыруу процессинде Мамфинкөзөмөл, зарыл болгон учурда аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруучу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө өз ишин жүргүзөт.
2-глава. Мамфинкөзөмөлдүн максаты
7. Мамфинкөзөмөлдүн максаты мамлекеттин туруктуу экономикалык өсүшү, банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүү аркылуу инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
3-глава. Мамфинкөзөмөлдүн милдеттери
8. Мамфинкөзөмөлдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүүнүн стратегиясын жана артыкчылыктарын аныктоо.
Банктык эмес финансы рыногу деп Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногунун ишинин төмөндө аталган түрлөрүн жөнгө салуучу мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык өзүнө баалуу кагаздар рыногун, камсыздандыруу ишин, аудитордук ишти, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, пенсиялык активдерди башкарган компаниялардын иштерин, ошондой эле лотереялык жана ломбарддык ишти камтыган Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун бөлүгү түшүнүлөт;
- банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;
- банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын мамлекеттик жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасында корпоративдик башкаруу принциптерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
- дүйнөлүк финансы рыногуна, ошондой эле эл аралык бухгалтердик жана аудитордук коомдоштукка интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү;
- банктык эмес финансы рыногунун субъекттерине алардын иштерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы боюнча белгиленген тартипте көзөмөлдү камсыз кылуу;
- финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын, аудиттин эл аралык стандарттарын киргизүү үчүн шарттарды камсыз кылуу жана финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарынын сакталышы үчүн контролдоо механизмин түзүү;
- Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногунун финансылык кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо;
- банктык эмес финансы рыногу жаатында лицензиялоону жүзөгө ашыруу.
9. Ушул жободо бухгалтердик эсепке алууну, финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу маселелери жеке сектордогу жөнгө салууга кирет.
4-глава. Мамфинкөзөмөлдүн функциялары
10. Мамфинкөзөмөл төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
а) тармактык саясат функциялары:
- банктык эмес финансы рыногу жаатындагы тобокелдиктерди башкаруу боюнча саясатты аныктоону кошкондо, банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- финансы рыногунун субъекттери үчүн бухгалтердик эсепке алууну, финансылык отчеттуулукту жүргүзүүгө карата талаптарды иштеп чыгат;
- банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан алардын иштеринин алкагындагы маалыматтарды ачыкка чыгаруу боюнча талаптарды иштеп чыгат жана алардын аткарылышын контролдойт;
- ачык компаниялардын жана кесипкөй катышуучулардын финансылык отчетторуна аудит жүргүзүү боюнча аудитордук уюмдарга жана жеке аудиторлорго карата талаптарды иштеп чыгат;
б) жөнгө салуу функциялары:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарын жана чет элдик эмитенттердин баалуу кагаздарынын чыгарылышын жана мындай сунуштардын проспекттерин карайт жана каттайт;
- жөнгө салынуучу субъекттерге карата жазылган арыздарды жана даттанууларды карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрөт;
- банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык банктык эмес финансы рыногунда иш жүргүзүүгө лицензияны жана/же уруксатты берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда лицензиялардын жарактуулугун токтотуп турат, кайра калыбына келтирет, жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте банктык эмес финансы рыногунун өзүн-өзү жөнгө салган уюмдарынын реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- банктык эмес финансы рыногунда берилген, токтото турулган, кайра калыбына келтирилген, токтотулган жана жокко чыгарылган лицензиялардын жана башка уруксат берүүчү документтердин реестрин жүргүзөт;
- банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
в) колдоо функциялары:
- банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын өнүктүрүү жана жөнгө салуу маселелери боюнча чет өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен кызматташат;
- жөнгө салынуучу субъекттердин жана инвесторлордун арасында натыйжалуу жана ачык-айкын финансы рыногу принциптерин киргизет;
- өз функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында жөнгө салынуучу субъекттер менен кызматташат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эмес финансы рыногунун катышуучуларын окутууну жана аларга сертификаттарды берүүнү, аудитордун квалификациялык сертификатын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугуна талапкерлерди аттестациялоону өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамфинкөзөмөлдүн ишинин процессинде түзүлгөн архивдик документтерди коплекттөө, сактоо, эсепке алуу жана пайдалануу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамфинкөзөмөлдүн муктаждыктары үчүн товарларды жеткирүүгө, иштерди аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө заказдарды жайгаштырууга конкурстарды өткөрүүнү жана мамлекеттик контракттарды түзүүнү уюштурат;
г) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- ишкердик субъекттерди текшерүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттерге банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына карата текшерүү жүргүзөт;
- материалдарды укук коргоо органдарына жиберет жана Мамфинкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сотко доо менен кайрылат;
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоо чөйрөсүндө жөнгө салат, контролдойт жана көзөмөлдөйт.
5-глава. Жөнгө салынуучу субъекттерге карата Мамфинкөзөмөлдүн ыйгарым укуктары
11. Өз функцияларын ишке ашыруу максатында Мамфинкөзөмөл төмөнкүлөргө укуктуу:
- лицензияларды, уруксаттарды берүүгө, кайра тариздөөгө, токтото турууга, токтотууга, жокко чыгаруу үчүн материалдарды сот органдарына жөнөтүүгө;
- аудитордун сертификатын, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын квалификациялык күбөлүгүн берүүгө;
- берилген лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлерин жүргүзүүгө;
- жөнгө салынуучу субъекттерден катышуучулардын/уюштуруучулардын курамы, уставдык капиталдагы үлүшү жөнүндө маалыматтарды, отчетторду, алардын финансы-экономикалык иши жөнүндө маалыматтарды, иши жөнүндө учурдагы отчетторду жана функцияларын аткаруу максатында башка маалыматтарды суроого;
- жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүгө;
- жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорунун сакталышына карата ишкердик субъекттерди текшерүү тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынуучу субъекттерге текшерүү жүргүзүүгө;
- жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталбаган жана/же бузулган учурда аларга жазма буйрук жана эскертүү жөнөтүүгө;
- жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптар сакталбаган жана/же бузулган учурда алардан мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
- жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуулардын четтетилишин жана алардын сакталышын камсыздоо максатында сот органдарына кайрылууга;
- банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана/же баалуу кагаздарды сатууну уюштуруучунун же депозитарийдин эрежелерин бузуу аркылуу жүргүзүлгөн баалуу кагаздар менен операцияларды токтото турууга;
- банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча текшерүү же соттук териштирүү жүргүзүлүп жаткан жөнгө салынуучу субъекттердин активдерди тескөөсүн чектөө жөнүндө талап менен сот органдарына кайрылууга. Банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча текшерүү же соттук териштирүү жүргүзүлүп жаткан жөнгө салынуучу субъекттин активдеринин башкаруучусу болуп саналган башка жакка карата да активдерди тескөөсүн чектөө жөнүндө ушундай эле талап менен сот органдарына кайрылууга болот;
- банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн сот тарабынан күнөөлүү деп таанылган жөнгө салынуучу субъекттин кирешелерин мамлекеттик бюджетке алуу жана аталган жак банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгынын натыйжасында жабыр тарткан юридикалык жана жеке жактардын чыгымдарынын ордун толтуруу жөнүндө талап менен сот органдарына кайрылууга;
- укукту бузуунун куралы же түздөн-түз объекти болуп саналган предметти конфискациялоо жөнүндө талап менен сот органдарына кайрылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жаза чараларын берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жөнгө салынуучу субъекттерден комиссиялык жана башка жыйымдарды алууга;
- бухгалтердик эсепке алуу, финансылык отчеттуулук жана аудит, банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жаатындагы эл аралык форумдарга катышууга жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоого;
- биргелешкен иштердин алкагында коомдук жана купуя маалыматтарды алмашуу максатында банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана аудитордук ишти жөнгө салуу боюнча, анын ичинен жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан банктык эмес финансы рыногун, бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына карата аларга текшерүү жүргүзүүдө чет өлкөлүк органдар менен кызматташууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан Мамфинкөзөмөлгө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды (анын ичинде купуя) суроого жана көмөк көрсөтүүгө;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте Мамфинкөзөмөлдүн аймактык органдарын түзүү жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүүгө, ошондой эле алардын иштерин жүргүзүүнүн тартибин аныктоого;
- иши банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүнөн, жөнгө салынуучу субъекттердин, алардын союздарынын, ассоциацияларынын, коомдук бирикмелеринин жана көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрүнөн турган курамда консультациялык-кеңешме органды - эксперттик кеңешти түзүүгө;
- жумушчу топторду түзүүгө жана мамлекеттик органдардын, банктык эмес финансы рыногунун жөнгө салынуучу субъекттердин өкүлдөрүн, бухгалтердик эсепке алуу жана аудит боюнча адистерди, илимий мекемелердин, жогорку окуу жайлардын, коомдук уюмдардын жана/же жөнгө салынуучу субъекттердин адистерин банктык эмес финансы рыногу, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды, методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууга, изилдөөлөрдү жана окутууларды жүргүзүүгө катышууга (анын ичинде акы төлөө негизинде) тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Мамфинкөзөмөлдүн алдында окуу борборлорун жана илим-изилдөө институттарын түзүүгө;
- өз милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында көз карандысыз эксперттерди акы төлөө менен тартууга, жалдоонун мөөнөттөрү жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет;
- натыйжалуу мониторинг жүргүзүү аркылуу банктык эмес финансы рыногунун баардык катышуучуларынын жана кызыкдар тараптарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын белгиленген тартипте коргоого;
- баалуу кагаздардын интеграцияланган улуттук рыногун түзүүгө;
- жөнгө салынуучу субъекттер тарабынан финансылык отчеттуулуктун жана аудиттин кабыл алынган стандарттарынын сакталышы үчүн шарттарды камсыз кылууга;
- лицензиясы токтото турулган же жокко чыгарылган кесипкөй катышуучуну төмөнкүлөргө милдеттендирүүгө:
а) лицензиялардын токтото турулушу же жокко чыгарылышы жөнүндө кардарларга кабарлоого;
б) кесипкөй катышуучунун башкаруусунда турган жана кардарларга таандык акчаларды жана/же башка мүлктөрдү кардарларга кайтарып берүүгө;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же кардар менен макулдашууда белгиленген учурларда жана тартипте кардарлардын колдонуудагы тапшырмаларын же операцияларын аткарууга же жокко чыгарууга же болбосо кардарлардын колдонуудагы тапшырмаларын же операцияларын башка кесипкөй катышуучунун аткаруусуна берүүгө;
- эмитент же мындай баалуу кагаздарды ачык сунуштаган жак банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузган учурда, баалуу кагаздарды ачык сунуштоонун жыйынтыктары болду деп таанылганга чейин, баалуу кагаздарды ачык сунуштоону каттоону жокко чыгарууга;
- төмөнкү учурда баалуу кагаздарды ачык сунуштаган эмитенттен проспектиге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү же толук жаңы маалыматтары бар аны алмаштыруучу проспектини каттоо үчүн берүүнү талап кылууга:
а) проспектиде ачыкталууга тийиш болгон жаңы олуттуу маалыматтар пайда болсо;
б) проспектиден жалган же адашууга алып келүүчү маалыматтар табылса же проспектиде маалыматтарда ачыктоо үчүн олуттуу боштуктар болсо;
- эгерде баалуу кагаздарды ачык сунуштоо жокко чыгарылса, же болбосо баалуу кагаздарды ачык сунуштаган эмитент проспектиге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбесе же банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук жаңы маалыматтары бар аны алмаштыруучу проспектини каттоо үчүн бербесе баалуу кагаздарды ачык сунуштаган эмитенттен каражаттарды инвесторлорго кайтарып берүүнү талап кылууга;
- мындай баалуу кагаздардын эмитентин жоюунун натыйжасында баалуу кагаздардын чыгарылышын жана/же ачык сунушталышын жокко чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу аркылуу жасалган баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жараксыз деп таануу жөнүндө доо менен сот органдарына кайрылууга.
6-глава. Мамфинкөзөмөлдүн ишин уюштуруу
12. Мамфинкөзөмөл борбордук аппараттан жана аймактык бөлүнүштөн турат.
13. Мамфинкөзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан белгиленген тартипте кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу төрага башкарат.
14. Төраганын оруп басары болот, ал төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Төраганын орун басары түздөн-түз төрагага баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Мамфинкөзөмөлдүн ишин уюштурат.
15. Мамфинкөзөмөлдө статс-катчы жогорку административдик мамлекеттик кызмат орду уюштурулган.
16. Статс-катчыны кызматка дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
17. Мамфинкөзөмөлдүн төрагасы:
- Мамфинкөзөмөлдүн ишин жалпы жетектейт жана ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Мамфинкөзөмөлдүн атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чектеринде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Мамфинкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
- Мамфинкөзөмөлдүн атынан расмий документтерге кол коёт;
- Мамфинкөзөмөлдүн атынан жазма буйруктарды жөнөтөт;
- Мамфинкөзөмөлдүн чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
- Мамфинкөзөмөлдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу үчүн тиешелүү жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- Мамфинкөзөмөлдүн төрагасынын орун басарына өткөрүлүп берилүүгө тийиш функциялардын жана милдеттердин тизмесин бекитет;
- Мамфинкөзөмөлдүн милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүүсү менен гана өзгөрүшү мүмкүн болгон Мамфинкөзөмөлдүн борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн түзүмүн бекитет. Мында Мамфинкөзөмөлдүн төрагасын дайындоо Мамфинкөзөмөлдүн түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамфинкөзөмөлдүн борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;
- Мамфинкөзөмөлдүн борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн түзүмү жөнүндө жобону бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамфинкөзөмөлдүн статс-катчысынын сунушу менен Мамфинкөзөмөлдүн борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Мамфинкөзөмөлдүн атынан ишеним кат берет;
- Мамфинкөзөмөлдүн аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындайт жама кызматтан бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамфинкөзөмөлдүн мүлктөрүн жана каражаттарын тескейт;
- тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана төраганын тескеген орун басарынын сунушу боюнча аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана аны кайра сурап алуу (ажыратуу) жөнүндө чечимди кабыл алат;
- тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана төраганын тескеген орун басарынын сунушу боюнча банктык эмес финансы рыногунда иш жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү, токтото туруу, кайра калыбына келтирүү жөнүндө чечимди кабыл алат;
- банктык эмес финансы рыногунун ачык компанияларына, кесипкөй катышуучуларына жана алардын кызмат адамдарына банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун бузуу үчүн жаза чараларын, айыптарды салат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
18. Мамфинкөзөмөлдө 7 кишиден турган коллегия түзүлөт, анын курамына төрага (коллегиянын төрагасы), статс-катчы жана төраганын орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү жана Мамфинкөзөмөлдүн башка кызматкерлери кирет. Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
Коллегиянын иштөө тартиби Мамфинкөзөмөлдүн төрагасынын буйругу менен бекитилүүчү Жобо менен аныкталат.
19. Мамфинкөзөмөлдүн ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында коомдук кеңеш түзүлөт, ал коомдук башталышта иштеген консультативдик-байкоочу орган болот.
7-глава. Мамфинкөзөмөлдүн финансы жана чарбалык иштери
20. Мамфинкөзөмөлдүн ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык техникалык базасын күтүү жана өнүктүрүү төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
- республикалык бюджеттин каражаттарынын;
- гранттардын, эл аралык жана башка уюмдардын жардамдарынын, уюмдардын жана жеке адамдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарынын.
8-глава. Корутунду жоболор
21. Мамфинкөзөмөлдү кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
22. Мамфинкөзөмөлдү жоюуда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.