Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-январы № 15
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 5-пунктундагы "Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр алып салынсын;
- 6-пункту "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөрдөн кийин "Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- директордун орун басарынын кошумча кызмат орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын борбордук аппаратынын штаттык санынын алкагында киргизиле тургандыгы;
- ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция үчүн тиешелүү жана келерки жылдарга каралган каражаттардын чегинде сарптала тургандыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бир айлык мөөнөттө:
- түзүмдү жана штаттык санды ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 1-февралындагы N 7 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |