Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-январы № 1
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик мекемени каржылоо маселесин атайын жана бюджеттик каражаттардын эсебинен чечсин.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 11-январындагы N 1 жарыяланды
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |