Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 1998-жылдын 12-сентябры № 121

Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы N 195 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-статья.

"Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, N 22, 694-ст.) төмөнкү толуктоо киргизилсин:

21-статья төмөнкү мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:

"2. Ээлик кылууга жол берилбөөчү ишмердиктин түрлөрү:

кумар оюндары үчүн арналган оюн-зоок мекемелерин түзүү жана күтүү;

порнографиялык мазмундагы кино-, көрмө продукцияларды жана басма сөз басылмаларын уюштуруу, көрсөтүү жана бастырып чыгаруу, ошондой эле аларды соодалоо;

сойкулук кылуу;

сойкулук кылуу үчүн сойкукана уюштуруу жана күтүү".

2-статья.

(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы N 195 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3-статья.

Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамга кол коюлган күндөн кийин 10 күндүк мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ага ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдын аткарылышы боюнча биротоло чараларды көрсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

1998-жылдын 2-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган