Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 20
Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533, 2023-жылдын 17-февралындагы № 78, 2024-жылдын 28-февралындагы № 88 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мыйзамдарды Евразия экономикалык комиссиясынын ченемдик укуктук базасына шайкеш келтирүү жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде белгиленген шайкештикти декларациялоо формасында шайкештикти баалоо жол-жоболоруна ылайык ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
2. Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринде белгиленген шайкештикти декларациялоо түрүндө шайкештикке баалоо жүргүзүү жол-жоболоруна ылайык ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталуучу продукциялардын тизмегине киргизилген продукцияга карата Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттери күчүнө киргенге чейин жогоруда аталган Тизмекте көрсөтүлгөн продукциянын шайкештиги шайкештик жөнүндө декларация менен тастыкталышы мүмкүн, эгерде бул шайкештикти баалоо формасында каралса.
Евразия экономикалык комиссиясынын 2019-жылдын 16-июлундагы № 119 "Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы № 11 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында 2019-жылдын 12-августуна чейин колдонулган "Сүт жана сүттөн кайра иштетилген азыктардын коопсуздугу жөнүндө", "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарында катталган сериялык чыгарылуучу сүт жана сүт азыктарынын шайкештиги жөнүндө декларациянын колдонулуу мөөнөтү 2022-жылдын 12-августуна чейин узартылат.
Шайкештик жөнүндө декларация белгиленген талаптарга продукциянын шайкештигин тастыктаган документтердин негизинде арыз берүүчү тарабынан алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан же аккредитациялоо жааты декларациялануучу продукцияга жайылтылган сертификатташтыруу боюнча аккредиттелген органдар тарабынан ишке ашырылаары белгиленсин.

4. Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишке ашырылары белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Жол-курулуш багытындагы продукциялардын, курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген, аккредитациялоо жааты декларациялануучу продукцияга жайылтылган сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар тарабынан ишке ашырылары белгиленсин.

42. Техникалык байланыш каражаттарын Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча аккредиттелген мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо жаатына ылайык ишке ашырылары белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды жана Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жана анын аймактык бөлүмдөрү аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) 1-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) 2-тиркемеге ылайык.

7. Ыйгарым укуктуу орган, продукцияны сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар:
1) Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды Жобого ылайык каттасын;
2) Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын реестрин жүргүзсүн;
3) Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын реестриндеги маалыматтарды жана арыз берүүчүлөр тарабынан коопсуздуктун милдеттүү талаптары бузулган учурлар жөнүндө маалыматта техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ай сайын берсин.

8. Ыйгарым укуктуу орган, курулуш багытындагы продукцияларды же техникалык байланыш каражаттарын сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар:
1) Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоону ушул Жобого ылайык өз компетенциясынын чегинде ишке ашырсын;
2) Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын чечими менен бекитилген Берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин интегрирленген маалымат системасынын каражаттарын пайдалануу менен Евразия экономикалык бирлигинин Берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрине шайкештик жөнүндө катталган декларациялар тууралуу маалыматтарды киргизишсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533, 2024-жылдын 28-февралындагы № 88 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар декларациялануучу продукциянын коопсуздуктун милдеттүү талаптарына шайкештигине көзөмөлдү камсыз кылышсын.
91. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча орган болгон сертификациялоо боюнча аккредитация органынын аттестатынын жарактуулугу жокко чыгарылган учурда шайкештик жөнүндө мурда катталган декларациялардын жарактуулугу алар катталган мөөнөттүн чегинде сакталат. Мында шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо мөөнөтүнүн жарактуулугу шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган жактын демилгеси боюнча ал бүткөнгө чейин токтотулушу мүмкүн;
- шайкештик сертификатын берген же шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо боюнча орган болгон сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын аттестатынын жарактуулугу жокко чыгарылган учурда жана техникалык регламенттердин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөл) жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан продукциянын милдеттүү коопсуздук талаптарына шайкеш келбегендиги табылган учурда шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган өндүрүүчү/дилер, импортер же продукцияны сертификациялаган өтүнмө ээси үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына шайкештик жөнүндө декларациянын жарактуулугу же шайкештик сертификатынын жокко чыгарылганы (токтотулгандыгы) тууралуу расмий маалымдоого милдеттүү;
- Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы алынган маалыматтын негизинде Евразия экономикалык бирлигинин берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрине шайкештик жөнүндө декларациянын же шайкештик сертификатынын токтотулганы (убактылуу токтотулганы) тууралуу жазууну киргизет жана бул жөнүндө контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, токтомунун редакциясына ылайык)
10. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 512 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу түрүндө продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 178 "Шайкештик сертификатынын жана шайкештик жөнүндө декларациянын бланктарынын жаңы үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 13-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 815 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 5-февралындагы № 8 жарыяланды
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | М. Абылгазиев |
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр
2026-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-январы № 20
Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533, 2023-жылдын 17-февралындагы № 78, 2024-жылдын 28-февралындагы № 88 , 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мыйзамдарды Евразия экономикалык комиссиясынын ченемдик укуктук базасына шайкеш келтирүү жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринде белгиленген шайкештикти декларациялоо формасында шайкештикти баалоо жол-жоболоруна ылайык ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
2. Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринде белгиленген шайкештикти декларациялоо түрүндө шайкештикке баалоо жүргүзүү жол-жоболоруна ылайык ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Шайкештиги милдеттүү түрдө тастыкталуучу продукциялардын тизмегине киргизилген продукцияга карата Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттери күчүнө киргенге чейин жогоруда аталган Тизмекте көрсөтүлгөн продукциянын шайкештиги шайкештик жөнүндө декларация менен тастыкталышы мүмкүн, эгерде бул шайкештикти баалоо формасында каралса.
Евразия экономикалык комиссиясынын 2019-жылдын 16-июлундагы № 119 "Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы № 11 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында 2019-жылдын 12-августуна чейин колдонулган "Сүт жана сүттөн кайра иштетилген азыктардын коопсуздугу жөнүндө", "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарында катталган сериялык чыгарылуучу сүт жана сүт азыктарынын шайкештиги жөнүндө декларациянын колдонулуу мөөнөтү 2022-жылдын 12-августуна чейин узартылат.
Шайкештик жөнүндө декларация белгиленген талаптарга продукциянын шайкештигин тастыктаган документтердин негизинде арыз берүүчү тарабынан алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан же аккредитациялоо жааты декларациялануучу продукцияга жайылтылган сертификатташтыруу боюнча аккредиттелген органдар тарабынан ишке ашырылаары белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533 токтомдорунун редакциясына ылайык)
4. Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишке ашырылары белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Жол-курулуш багытындагы продукциялардын, курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген, аккредитациялоо жааты декларациялануучу продукцияга жайылтылган сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар тарабынан ишке ашырылары белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Техникалык байланыш каражаттарын Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча аккредиттелген мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо жаатына ылайык ишке ашырылары белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-февралындагы № 88 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды жана Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жана анын аймактык бөлүмдөрү аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Ушул токтомдун 41, 42-пункттарында көрсөтүлгөн продукцияны сертификаттоо боюнча органдарды кошпогондо, Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга (мындан ары – сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар) ушул токтомдун 81-пунктуна ылайык аккредитациялоо жол-жобосунан өткөнгө чейин Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) төмөнкү техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө ыйгарым укук берилсин: «Таңгактын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 005/2011, «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 006/2011, «Парфюмерия-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 009/2011, «Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизель жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка карата талаптар жөнүндө» ББ ТР 013/2011, «Дандын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 015/2011, «Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 017/2011, «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» продукциясына техникалык регламент» ББ ТР 023/2011, «Тоң май продукциясына техникалык регламент» ББ ТР 024/2011, «Тамак-аш кошумчаларынын, ароматизаторлордун жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар» ББ ТР 029/2012, «Эмерек продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 025/2012, «Майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга коюлуучу талаптар жөнүндө» ББ ТР 030/2012, «Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө»ББ ТР 033/2013, «Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» ББ ТР 034/2013, «Тамеки продукциясына техникалык регламент» ББ ТР 035/2014, «Балык жана балык азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» ЕАЭБ ТР 040/2016, «Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суулардын коопсуздугу жөнүндө» ЕАЭБ ТР 044/2017, «Канаттуулардын этинин жана аны кайра иштетүүдөн алынган азыктардын коопсуздугу жөнүндө» ЕАЭБ ТР 051/2021.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар продукциянын бул түрлөрү боюнча сертификаттоо боюнча эксперттер менен камсыздалууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) 1-тиркемеге ылайык;
- Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияны кабыл алуунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) 2-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ыйгарым укуктуу орган, продукцияны сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар:
1) Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды Жобого ылайык каттасын;
2) Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын реестрин жүргүзсүн;
3) Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын реестриндеги маалыматтарды жана арыз берүүчүлөр тарабынан коопсуздуктун милдеттүү талаптары бузулган учурлар жөнүндө маалыматта техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ай сайын берсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ыйгарым укуктуу орган, сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар, курулуш багытындагы продукцияларды же техникалык байланыш каражаттарын сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар:
1) Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы декларацияларды каттоону ушул Жобого ылайык өз компетенциясынын чегинде ишке ашырсын;
2) Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын чечими менен бекитилген Берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибине ылайык Евразия экономикалык бирлигинин интегрирленген маалымат системасынын каражаттарын пайдалануу менен Евразия экономикалык бирлигинин Берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрине шайкештик жөнүндө катталган декларациялар тууралуу маалыматтарды киргизишсин.
3) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ай сайын Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү формадагы катталган декларациялардын реестринен маалыматтарды, ошондой эле арыз ээлери тарабынан милдеттүү коопсуздук талаптарын бузуу учурлары жөнүндө маалымат берсин.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 733, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 533, 2024-жылдын 28-февралындагы № 88 , 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
81. Сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар 2027-жылдын 1-сентябрына чейин ушул токтомдун 51-пунктунда көрсөтүлгөн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө аккредитациялоо боюнча улуттук органда аккредитациялоо жол-жобосунан өтсүн.
Сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар тарабынан ушул пункттун биринчи абзацынын талаптары аткарылбаган учурда сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар ушул токтомдун 51-пунктунда көрсөтүлгөн техникалык регламенттердин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоону токтотсун.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар декларациялануучу продукциянын коопсуздуктун милдеттүү талаптарына шайкештигине көзөмөлдү камсыз кылышсын.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы сертификаттоо боюнча ыйгарым укуктуу аккредиттелген органдар тарабынан катталган шайкештик жөнүндө декларацияларга мониторинг жана текшерүү жүргүзсүн, ал эми Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарын жана шайкештикти тастыктоо жол-жоболорун бузуулар аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чараларды көрсүн.