Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына берүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) АЖО - операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү автоматтык режимде түзүүгө жана финансылык чалгындоо органына жиберүүгө мүмкүндүк берүүчү адистештирилген программалык камсыздоо;
2) операциялар (бүтүмдөр) - каражаттар менен байланышкан жарандык укуктарды жана милдеттерди белгилөө, өзгөртүү же токтотуу үчүн жасалган каражаттар менен ар кандай операциялар (бүтүмдөр);
3) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
4) типтүү формалар - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүдө финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар толтурууга арналган атайын типтүү формалар;
5) финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар - "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде аталган жеке жана юридикалык жактар.
6) жеке кабинет - маалыматтык ресурс, ал финансылык чалгындоо органынын расмий сайтына жайгаштырылат, пайдалануучулардын финансылык чалгындоо органы менен электрондук жана маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 , 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2-глава. Маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби
3. Финансылык чалгындоо органы өз функцияларын аткаруунун алкагында мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, сотторго, финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдарга (мындан ары - суралуучу тарап) суралуучу тарапта бар болгон керектүү маалыматтарды жана документтерди же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө суроо-талаптарды жиберет.
4. Финансылык чалгындоо органынын маалыматтарды жана документтерди берүү жөнүндө суроо-талаптары электрондук же кагаз түрүндө жиберилиши мүмкүн (мындан ары - электрондук суроо-талап же кагаз жүзүндөгү суроо-талап).
5. Финансылык чалгындоо органынын электрондук суроо-талаптары байланыштын электрондук каналдары боюнча жиберилет жана финансылык чалгындоо органынын кызмат адамынын электрондук кол тамгасы коюлат.
Электрондук суроо-талаптын формасы жана электрондук суроо-талапты жиберүүгө укуктуу финансылык чалгындоо органынын кызмат адамдарынын тизмеги финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталат.
Электрондук суроо-талаптарга болгон суралуучу тараптын жооптору электрондук түрдө түзүлөт жана электрондук кол коюлат, ошондой эле байланыштын электрондук каналдары боюнча финансылык чалгындоо органына жиберилет.
Электрондук форматта маалымат алмашуу финансылык чалгындоо органы менен суралуучу тараптын ортосундагы макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.
6. Кагаз жүзүндөгү финансылык чалгындоо органынын суроо-талаптары расмий бланктарда таризделет жана финансылык чалгындоо органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колу коюлат.
Суралуучу тараптын жооптору иш кагаздарын жүргүзүү жана кызматтык пайдалануу үчүн документтер менен иштөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен таризделет.
7. Суралуучу тараптын жоопторунда милдеттүү түрдө финансылык чалгындоо органынын кагаз жүзүндөгү суроо-талаптарынын чыгыш номерлери жана даталары көрсөтүлөт, ошондой эле суралуучу тараптын аткаруучуларынын фамилиялары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлөт.
8. Суралуучу тарап суралган маалыматтарды же документтерди финансылык чалгындоо органынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабында белгиленген мөөнөттөрдө финансылык чалгындоо органына берет.
Зарыл учурда жана суралган маалыматтардын жана документтердин көлөмүн, мүнөзүн жана мазмунун эске алып, ошондой эле суралуучу тараптын негизделген жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде финансылык чалгындоо органы суроо-талаптарга болгон жоопторду берүү мөөнөтүн 10 жумуш күнгө чейин узарта алат.
Суралуучу тарап толук жана анык маалыматты берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Суралуучу маалыматтар жана документтер финансылык чалгындоо органына байланыштын электрондук каналдары боюнча же тапшыруу жөнүндө билдирүүнү берүү менен почта аркылуу же болбосо жеткирип берүү маалында маалыматтарга жана документтерге контролу жок жетүү мүмкүнчүлүгүн жок кылган чараларды сактоо менен чабарман аркылуу жеткирилет.
10. Накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы боюнча суроо-талапты алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органы аныктаган байланыштын электрондук каналы боюнча электрондук түрдө берилет.
11. Суралуучу тарап өз демилгеси боюнча финансылык чалгындоо органына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларда колдонуу максатында кошумча маалыматтарды жана документтерди бере алат.
12. Суралуучу тараптан маалыматтарды (билдирүүлөрдү) жана документтерди алган соң финансылык чалгындоо органы алынган маалыматтарды (билдирүүлөрдү) жана документтерди окуп изилдөөнү жүзөгө ашырат.
Зарыл учурда финансылык чалгындоо органы суралуучу тарапка тактоочу жана түшүндүрүүчү маалыматтарды (билдирүүлөрдү) жана документтерди берүү жөнүндө суроо-талапты жиберет.
3-глава. Контролдоого жана билдирүүгө жаткан операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү тартиби
13. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-26-беренелеринде аталган контролдоого жана билдирүүгө жаткан операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү түзүшөт жана финансылык чалгындоо органына жиберишет.
Ушул билдирүүлөр тийиштүү типтүү форманы толтуруу жолу менен электрондук документ түрүндө (мындан ары - электрондук билдирүү) түзүлөт.
14. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар төмөнкү мөөнөттөрдө электрондук билдирүүнү берүүнү камсыздашат:
1) шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү - операцияны (бүтүмдү) белгиленген тартипте шектүү деп тааныган учурдан тартып беш сааттын ичинде;
2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү - мындай операция (бүтүм) жасалган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде;
3) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик же экстремисттик ишти жасагандыгы үчүн, ошондой эле ушундай ишти каржылагандыгы үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жак тарабынан жасалган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү - мындай операциялар (бүтүмдөр) жасалган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде;
4) накталай акча каражаттары менен болгон операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү - мындай операция (бүтүм) жасалган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде.
Жогоруда аталган билдирүүлөр электрондук билдирүү түзүлгөн күндүн 16.00нөн кечиктирилбей жиберилет.
15. Финансылык чалгындоо органы:
1) операциялардын (бүтүмдөрдүн) мүнөзүн жана финансылык мекемелер менен финансылык эмес категориядагы жактардын иш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тийиштүү типтүү формаларды жана аларды толтуруу боюнча колдонмону белгилейт;
2) электрондук билдирүүнү толтуруу үчүн керектүү маалымдамаларды түзөт (оңдоолорду киргизет) жана бекитет;
3) финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын тизмесин электрондук маалымат базасы түрүндө түзөт жана жарыялайт;
4) шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) айкындоо боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат жана жарыялайт;
5) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке же юридикалык жактары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмегин жана Кыргыз Республикасында болгон террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоонун жыйынтыктары боюнча иштелип чыгуучу финансылык чалгындоо органына билдирүүгө жаткан накталай акча каражаттары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмегин бекитет.
16. Электрондук билдирүүнү түзүү жана финансылык чалгындоо органына жиберүү АЖОнун жардамы менен жүзөгө ашырылат.
АЖОну алуу тартиби ушул Жобонун 4-главасында каралган.
АЖОнун жардамы менен электрондук билдирүүнү түзүү боюнча иш-аракеттердин ырааттуулугу, электрондук билдирүүнүн форматы жана түзүмү, ошондой эле электрондук билдирүүнүн криптографиялык коргоо каражаттарын колдонуу тартиби АЖО комплектисинде болгон нускамалык материалдарда каралат жана кошумча финансылык чалгындоо органынын расмий сайтында (www.fiu.gov.kg) жайгаштырылат.
17. Ар бир электрондук билдирүүгө төмөнкү 3 талаанын жыйындысы болуп саналган билдирүүнүн атайын номери ыйгарылат:
1) финансылык мекеменин же финансылык эмес категориядагы жактын ИСНи;
2) билдирүүнүн катар сандык номери;
3) билдирүүнү берүү датасы.
Билдирүүнүн номери билдирүүлөр берилген бир календардык жылдын ичинде "1" деген номерден баштап өсүү тартибинде ыйгарылат.
Билдирүүнүн атайын номери операциянын (бүтүмдүн) уникалдуу идентификатору болуп эсептелинет.
18. Электрондук билдирүүгө катталган электрондук кол тамга коюлат (күбөлөндүрүлөт) жана АЖО комплектисине кирүүчү маалыматтарды криптографиялык коргоо каражаттарын колдонуу менен, ошондой эле финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы аркылуу финансылык чалгындоо органына жиберилет.
Электрондук кол тамга коюлган электрондук билдирүү кол менен коюлган кол тамгалуу кагаз жүзүндөгү документке тең келген электрондук документ болуп таанылат.
19. Финансылык мекемелердин жана финансылык эмес категориядагы жактардын маалыматтарды криптографиялык коргоо каражаттарын жана электрондук кол тамганы алуу, ошондой эле эң маанилүү маалыматтар менен алмашуу жол-жобосу маалыматтарды жана электрондук кол тамганы коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
20. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар өздөрүнүн аймактык бөлүмдөрү үчүн электрондук билдирүүнү түзүүнүн жана жиберүүнүн ички регламентин өз алдынча белгилешет. Аймактык бөлүмдөрдүн маалыматтарды берүү тартиби финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын башкы кеңсеси аркылуу гана жүзөгө ашырылат.
21. Электрондук билдирүүнү алууда финансылык чалгындоо органы алынып жаткан маалыматтын түп нускалыгын текшерет, анын ичинде:
1) электрондук билдирүүнү жөнөтүүчүнүн идентификациясын;
2) электрондук кол тамганын дал келүүсүн;
3) электрондук билдирүүнүн таризделишинин тууралыгын.
22. Ар бир электрондук билдирүүнү текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча финансылык чалгындоо органы электрондук билдирүүнүн кабыл алынышына же кабыл алынбашына жараша электрондук түрдө оң же терс квитанцияны түзөт.
Финансылык чалгындоо органы байланыштын электрондук каналдары боюнча электрондук билдирүү алынган күнү саат 18.00дөн кечиктирбей квитанцияларды жиберүүнү камсыздайт.
Электрондук билдирүүнү кабыл алуу же кабыл албоо жөнүндөгү квитанциянын формасы финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
23. Төмөнкү учурлардын биринде электрондук билдирүү финансылык чалгындоо органы тарабынан кабыл алынбайт жана электрондук билдирүү кабыл алынбагандыгы жөнүндө квитанция жиберилет:
1) электрондук билдирүүнүн жөнөтүүчүсүн идентификациялоо мүмкүн болбогондо;
2) электрондук кол тамга дал келбеген же электрондук кол тамганын шифрин ачып окууга (текшерүүгө) мүмкүн болбогондо;
3) электрондук билдирүү туура эмес же толук эмес түзүлгөндө.
24. Кабыл алынбагандыгы жөнүндө квитанциялар жиберилген электрондук билдирүү андан аркы иштетилүүдөн алынып салынат жана кабыл алынбаган болуп саналат.
25. Электрондук билдирүү кабыл алынбагандыгы жөнүндө квитанцияны алган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар электрондук билдирүү кабыл алынбагандыгы жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн техникалык көйгөйлөрдү жана электрондук билдирүүнү түзүүдө кетирилген каталарды жоюу боюнча чараларды көрүшөт.
Оңдолгон электрондук билдирүү, электрондук билдирүү кабыл алынбагандыгы жөнүндө биринчи квитанция алынган күндөн кийинки жумуш күнү саат 16.00дөн кечиктирилбей алынууга тийиш болгон оң квитанцияны алганга чейин кайрадан финансылык чалгындоо органына жиберилет.
Муну менен бирге оңдолгон электрондук билдирүүгө биринчи берилген электрондук билдирүүнүн "Номери" жана "Билдирүүнүн датасы" маалымдаректери ыйгарылат.
26. Электрондук билдирүүгө киргизилген маалыматтардын мазмунуна болгон жоопкерчиликти электрондук билдирүүгө колу коюлган электрондук кол тамганын ээси тартат.
27. Жүйөлүү себептерден улам (эмгек өргүүсү, ооруу, кызматтык командировка) электрондук билдирүүнү жиберүүгө жооптуу адам жок болуп калгандыгы же электрондук кол тамганын алмашылгандыгы үчүн электрондук билдирүүнү жөнөтүү мүмкүн болбогон учурда, электрондук билдирүү АЖОнун жардамы менен түзүлөт жана электрондук билдирүүнү жиберүүгө тоскоолдук жараткан себептер жоюлганга чейин маалыматтардын электрондук алып жүрүүчүлөрүндө финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте берилет.
28. Электрондук билдирүүнү түзүү жана жиберүү же электрондук билдирүү кабыл алынгандыгы (кабыл алынбагандыгы) жөнүндө квитанциянын алынбай калуусу менен байланышкан техникалык көйгөйлөр келип чыккан учурда, финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар дароо "шыр байланыш" телефону боюнча финансылык чалгындоо органынын ыйгарым укуктуу кызматчысы менен байланышат же финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы боюнча билдирүүнү жиберет.
29. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар мурун финансылык чалгындоо органы кабыл алган электрондук билдирүүнү оңдоп-түзөө (өзгөртүү, толуктоо) жөнүндөгү өтүнүчү менен жазуу жүзүндө кайрылууну финансылык чалгындоо органына жибере алышат.
Ушул жазуу жүзүндөгү кайрылууга финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисинин колу коюлат жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт, ошондой эле кагаз же электрондук түрдө жиберилет.
Кайрылууну байланыштын электрондук каналдары боюнча электрондук түрдө жиберүүдө кайрылууга электрондук кол тамга коюлат.
Кайрылууда электрондук билдирүүнү оңдоп-түзөөнүн (өзгөртүүнүн, толуктоонун) себептери жана операцияны (бүтүмдү) бир мааниде идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтар, анын ичинде электрондук билдирүүнүн номери жана датасы, жасалган операциянын (бүтүмдүн) датасы жана суммасы, жасалган операциянын (бүтүмдүн) катышуучулары көрсөтүлөт.
30. Финансылык чалгындоо органы электрондук билдирүүнү оңдоп-түзөө жөнүндөгү финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын кайрылуусун үч жумуш күндүн ичинде карап чыгат.
Финансылык чалгындоо органы кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча тийиштүү финансылык мекемеге жана финансылык эмес категориядагы жакка электрондук билдирүүнү оңдоп-түзөө (өзгөртүү, толуктоо) мүмкүндүгү жөнүндө кабарлама жиберет.
31. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кабарламаны алгандан кийин оңдоп-түзөлгөн электрондук билдирүүнү түзөт жана электрондук билдирүүнү түзгөн күндөн кийинки жумуш күндөн кечиктирбей белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына жиберет.
Алмаштыруучу электрондук билдирүүдө ("Кошумча маалыматтар" маалымдареги) мурдатан жиберилген электрондук билдирүүгө киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор көрсөтүлөт, ошондой эле биринчи берилген электрондук билдирүүнүн "Номери" жана "Билдирүүнүн датасы" маалымдаректери ыйгарылат.
32. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 14 жана 21-беренелеринде каралган билдирүүлөрдү электрондук билдирүүнүн тийиштүү типтүү формасын толтуруу жолу менен түзөт жана финансылык чалгындоо органына төмөнкү мөөнөттөрдө жиберет:
1) максаттуу финансылык санкцияларды колдонгон учурдан тартып үч сааттын ичинде, анын ичинде Санкциялык тизмеге киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттери жөнүндө;
2) Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жактардын, топтордун, уюмдардын тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактар, топтор, уюмдар жасаган операциялар (бүтүмдөр) токтотулуп турган учурдан тартып үч сааттын ичинде;
3) төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде:
а) кардар менен ишкер мамилени түзүүдөн баш тартуу жөнүндө (тейлөөгө кабыл алуудан же эсеп ачуудан баш тартуу);
б) кардар менен түзүлгөн ишкер мамилени токтото туруу же токтотуу жөнүндө (тейлөөдөн баш тартуу) жана кардар менен түзүлгөн келишимди бузуу жөнүндө;
в) операцияны (бүтүмдү) жүзөгө ашыруудан баш тартуу жөнүндө.
Жогоруда аталган билдирүүлөргө катталган электрондук кол тамгасы коюлат (күбөлөндүрүлөт) жана финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы аркылуу электрондук билдирүү түзүлгөн күнү саат 18.00дөн кечиктирилбестен финансылык чалгындоо органына жиберилет.
4-глава. АЖОну алуу тартиби
33. Жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алуу үчүн финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар финансылык чалгындоо органына арызды жана финансылык чалгындоо органынын Бирдиктүү маалыматтар системасынын абонентинин каттоо карточкасын (мындан ары - каттоо карточкасы) жиберишет.
Арыздын жана каттоо карточкасынын формалары финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет.
Арызга жана каттоо карточкасына финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисинин колу коюлат жана финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар каттоо карточкасына электрондук билдирүүнү түзүү, кол коюу жана жиберүү боюнча жеке жактын же жеке жактардын ыйгарым укугун тастыктаган ишеним каттын түп нускасын же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн тиркешет.
35. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ошондой эле арызды жана каттоо карточкасын финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналы боюнча да электрондук форматта жиберишет.
36. Финансылык чалгындоо органы жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алуу үчүн арызды 5 жумуш күндүн ичинде карап чыгат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Финансылык чалгындоо органы жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алууга берилген арызды төмөнкү учурлардын биринде кароосуз калтырат:
1) жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну жана каттоо карточкасын алууга берилген арыз белгиленген формадан айырмаланган форма боюнча берилген учурда;
2) каттоо карточкасынын формасында толтурулбаган маалымдаректер же туура эмес толтурулган маалымдаректер болгон учурда;
3) арызда жана каттоо карточкасында финансылык мекеменин жана финансылык эмес категориядагы жактын жетекчисинин колу жана (же) мөөрү жок болгон учурда;
4) арыз жана каттоо карточкасы электрондук форматта берилбеген учурда.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
38. Жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алууга берилген арызды кароосуз калтыруу жөнүндө чечимди кабыл алууда финансылык чалгындоо органы арыз берүүчүгө баш тартуу себебин көрсөтүү менен кабарлама жиберет.
Кабарлама финансылык чалгындоо органы тарабынан аныкталган байланыштын электрондук каналын колдонуу менен электрондук түрдө жиберилет.
Жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алууга берилген арыз кароосуз калтырылгандыгы жөнүндө финансылык чалгындоо органынын кабарламасын алган учурда финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кетирилген каталарды жоюу боюнча чараларды көрүшөт жана кайрадан финансылык чалгындоо органына жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну алуу үчүн жаңыланган арызды жана каттоо карточкасын жиберишет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Финансылык чалгындоо органы финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга жеке кабинетке кирүү мүмкүнчүлүгүн жана АЖОну бекер негизде берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Маалыматтардын жана документтердин купуялуулугун камсыздоо жана сактоо тартиби
40. Финансылык чалгындоо органы менен суралуучу тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн алкагында алынган жана жиберилген маалыматтар жана документтер купуя болуп саналат жана аларга кызматтык пайдалануу үчүн маалыматтарды же мамлекеттик сырды камтыган купуя документтер менен иштөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коргоо режими таркатылат.
41. Финансылык чалгындоо органы жана суралуучу тарап финансылык чалгындоо органы менен суралуучу тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө алынган жана жиберилген маалыматтардын жана документтердин купуялуулугун (үчүнчү жактарга беришпейт жана ачыкка чыгарышпайт) камсыздашат.
42. Электрондук билдирүү финансылык чалгындоо органында электрондук билдирүү катталган датадан тартып 7 жылдан кем эмес электрондук түрдө сакталат.
Маалыматтарды криптографиялык коргоонун программалык жана программалык-аппараттык каражаттары жана электрондук кол тамганын маалымдамалары электрондук билдирүүнү иштеп чыгууда акыркы жолу колдонулган учурдан тартып 7 жылдан кем эмес сакталат.
43. Финансылык чалгындоо органы жана суралуучу тарап финансылык чалгындоо органы менен суралуучу тараптын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын жана документтердин документ жана маалымат катталган датадан тартып 7 жылдан кем эмес сакталышын иш кагаздарын жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыздашат.
43-1. Жеке кабинетте турган маалыматты үчүнчү жактарга таратууга жол берилбейт. Бул талапты бузган адамдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Корутунду жоболор
44. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар ушул Жобо күчүнө кирген датадан тартып үч айдын ичинде арызды жана каттоо карточкасын ушул Жободо каралган тартипте финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.