Сравнение редакций…
|
| 9-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтомуна) |
Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалымат базасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өткөн декларацияланган накталай акча каражаттарынын жана көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттердин электрондук маалымат базасын (мындан ары - маалымат базасы) түзүү жана сактоо, ошондой эле маалымат базасына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) көрсөтүүчүгө берилген жүгүртүлүүчү инструменттер - төлөм жүргүзүлө турган жак көрсөтүлбөгөн же акча инструменттерин алуучунун идентификациялык маалыматтары көрсөтүлбөгөн көрсөтүүчүгө карата формадагы жана чексиз жүгүртүлүүчү акча инструменттери же толтурулбаган акча инструменттери (жол жана банк чектери, акча жана эсептешүү чектери, векселдер, баалуу кагаздар, акча каражаттарын төлөө боюнча эмитенттин (карызкордун) милдеттерин күбөлөндүрүүчү, документтик формадагы милдеттемелер жана акча тапшырмалары);
2) финансылык чалгындоо органы - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы;
3) накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди алып өтүү - Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди каалагандай киргизип же чыгарып алып өтүү, ал төмөнкү ыкмалардын бири менен жүзөгө ашырылат:
а) жеке жактын колдо же багажда, же болбосо транспорт каражатында алып өтүүсү;
б) контейнердик жүктө алып өтүү;
в) почта аркылуу алып өтүү.
Эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, ушул пунктта аныкталбаган жана ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында кандай мааниде колдонулса, ошол мааниде колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Маалымат базасын түзүү жана сактоо тартиби
3. Маалымат базасы борборлоштурулган тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу бажы органы (мындан ары - бажы кызматы) тарабынан түзүлөт жана сакталат.

4. Бажы кызматы Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүүчү накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды топтоону, иштеп чыгууну жана сактоону жүзөгө ашырат.
5. Маалымат базасы электрондук форматта Евразия экономикалык Комиссиясы аныктаган жүргүнчүлүк бажы декларациясынын негизги жана кошумча формулярларында көрсөтүлгөн баардык маалыматтарды камтууга тийиш.
6. Бажы кызматы маалымат базасындагы маалыматтарды коргоону камсыздайт жана маалымат базасынын техникалык иштешин камсыздайт.
7. Маалымат базасындагы маалыматтар Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүлгөн накталай акча каражаттарына жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттер декларацияланган мезгилден тартып беш жылдан кем эмес мөөнөттө сакталууга тийиш.
3-глава. Маалымат базасына жетүү мүмкүндүгүн берүү
8. Маалымат базасынын түздөн-түз пайдалануучулары бажы кызматы жана финансылык чалгындоо органы болуп саналат.
9. Бажы кызматы финансылык чалгындоо органына маалымат базасына түз жетүүгө мүмкүндүк берет.
Түз жетүү кандайдыр бир себептерден улам мүмкүн болбогон учурда Бажы кызматы байланыштын корголгон каналы боюнча электрондук форматта же чабарман аркылуу финансылык чалгындоо органына маалыматтарды күн сайын берип турат.
Финансылык чалгындоо органына маалыматтарды берүү тартиби финансылык чалгындоо органы менен бажы кызматынын ортосундагы түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашууда белгиленет.
Финансылык чалгындоо органы менен бажы кызматы маалыматтарды берүүдө ыкчам өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу кызматчыларды аныкташат.
10. Зарыл учурда финансылык чалгындоо органы бажы кызматынан Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу алынып өтүлүүчү накталай акча каражаттарын жана көрсөтүүчүгө карата жүгүртүлүүчү инструменттерди декларациялоо тартибин бузган жеке жактар жана аларга колдонулган жазалар (жаза-чаралары) жөнүндө кошумча маалыматтарды ведомстволор аралык макулдашууда белгиленген тартипте суроого жана алууга укуктуу.
11. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, салык кызматынын органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы кызматына жибериле турган суроо-талаптардын негизинде маалымат базасынан керектүү маалыматтарды алышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 605 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Маалымат базасынан алынган маалыматтар, маалымат базасын пайдалануучулар тарабынан кызматтык максаттарга гана колдонулат жана сакталат, ошондой эле бажы кызматынын уруксатысыз үчүнчү жактарга берилүүгө жатпайт.
13. Маалымат базасын коргоо жана маалымат базасына жетүүдө коопсуздукту камсыздоо электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана бажы кызматы менен маалымат базасын пайдалануучунун ортосунда түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашууда белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
4-глава. Корутунду жоболор
14. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдарына маалымат базасынан маалыматтарды берүү алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык же өз ара мамиле принцибинде жүзөгө ашырылат.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ