Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 токтомунун 2-пунктуна ылайык 2022-жылдын 1-январына чейин колдонулат
| Тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-январындагы № 33 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун каражаттарын пайдалануу жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине ылайык республикалык бюджетте жыл сайын түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунун (мындан ары - резервдик фонд) каражаттарын пайдалануунун тартибин аныктайт.
2-глава. Резервдик фонддон акча каражаттарын бөлүү
2. Резервдик фонддун каражаттары төмөнкүлөрдү камтыган социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгымдарды финансылык камсыздоого пайдаланылат:
- табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдардын убагында финансылык маселелерди ыкчам чечүүнү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун жана башка жерлердеги окуялардын ардагерлерине, катышуучуларына, эмгектин ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө салым кошкон көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмерлердин ысымын түбөлүккө калтырууну;
- калктын оор турмуштук кырдаалга туш болгон социалдык аялуу катмарынын ичинен жарандардын айрым категорияларына, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир убакта үч же андан ашык бала төрөлгөндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнү;
- спорттук жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүдө финансылык колдоо көрсөтүүнү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга мамлекеттик жана муниципалдык кызмат менен байланышпаган ишине бир жолку материалдык жардам көрсөтүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан сыйлоого байланышкан иш-чараларды каржылоого;
- олуттуу социалдык маанилүү мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечимдерине ылайык кечиктирилгис каржылоону талап кылган башка максаттарга.
3. Резервдик фонддун каражаттарын алуучулар болуп мамлекеттик жана муниципалдык органдар, юридикалык жана жеке жактар саналат.
4. Ушул Жобонун 3-пунктунда аталган субъекттер резервдик фонддон финансылык каражаттарды бөлүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин дарегине кайрылышат. Кайрылууда каражаттарды түпкү алуучулар, каражаттар жумшалуучу иш-чаралар жана каржылоонун көлөмү жөнүндө толук маалымат камтылууга тийиш. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү акча каражаттарын алуучулардан резервдик фонддон акча каражаттарын бөлүү зарылдыгы жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын ырастоочу документтерин талап кылууга укуктуу.
Аталган кайрылууларды оң чечүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан резервдик фонддон каражат бөлүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечиминин долбоору даярдалат.
5. Резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен кабыл алынат.
6. Резервдик фонддун каражаттары мамлекеттик органдар өз иштерин жүргүзүүдө жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чараларга, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланууга тийиш болгон иш-чараларга, ошондой эле төмөнкү максаттарга пайдаланылбайт:
1) шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Премьер-министринин иштерин чагылдырууга;
3) мамлекеттик кызматчыларга эмгек акы төлөөгө жана материалдык сыйлоого;
4) мамлекеттик органдардын ишин күндөлүк материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо боюнча иш-чараларга.
3-глава. Каражаттарды пайдалануу үчүн жоопкерчилик, резервдик фонддун каражаттары боюнча отчет түзүүнүн жана берүүнүн тартиби
7. Резервдик фонддун каражаттары алар аркылуу каржылануучу мамлекеттик органдар резервдик фонддун акча каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Резервдик фонддун акча каражаттарынын пайдаланылышына жана калган калдыгына Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы мониторинг жүргүзөт.
9. Резервдик фонддун каражаттары алар аркылуу каржылануучу мамлекеттик органдар резервдик фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген тартипте беришет.
10. Резервдик фонддун пайдаланылышы жөнүндө маалымат республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко тиркелет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.