Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы № 35
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 93-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы № 665 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 176 "Запастагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышы жана 1-пункту "пайдалануунун" деген сөздөн кийин "жана түзүүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
преамбуласы "пайдаланууга" деген сөздөн кийин "жана түзүүгө" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Запастагы жерлерди пайдалануунун тартиби жөнүндө жободо:
- аталышы жана 1-пункту "пайдалануунун" деген сөздөн кийин "жана түзүүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Запастагы жерлерди берүү жана түзүү";
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-16-пункттар менен толукталсын:
"15. Запастагы жерлерди түзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерлерди "Запастагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жолу менен жүзөгө ашырылат.
16. Райондун аймагында жерлерди "Запастагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн демилгечи болуп белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация чыгат.
Жерлерди "Запастагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн жеке адамдар же юридикалык жактар жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияга арыз беришет.
Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тиешелүү аймакта жерлерди "Запастагы жерлер" категориясына которууну (трансформациялоо) демилгелөөгө укуктуу.".
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 12-февралындагы N 10 жарыяланды
Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |