Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 41 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 669 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскерлери (мындан ары - ЖК аскерлери) калкты жана аймактарды, материалдык жана маданий баалуулуктарды согуш аракеттерин жүргүзүүдө же ошол аракеттердин натыйжасында, ошондой эле табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары пайда болгондо келип чыгуучу коркунучтардан коргоо үчүн арналган.
2. ЖК аскерлери Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу күчтөрүнүн курамдык бөлүгү болуп саналат.
3. ЖК аскерлери "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аймактык коргоо жаатындагы айрым милдеттерди аткарууга тартылышы мүмкүн.
4. ЖК аскерлери өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. ЖК аскерлеринин негизги милдеттери
5. ЖК аскерлеринин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тынчтык мезгилинде:
- ЖК аскерлерин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, чара көрүү жана кесепеттерин жоюу боюнча милдеттерди аткарууга дайыма даярдыкта кармоо;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен өз ара аракеттенүүдө согуш мезгилинде даярдык көрүү жана жайылтуу боюнча мобилизациялык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- курал-жаракты, техниканы, тынчтык жана согуш мезгилинде авариялык-куткаруучу кечиктирилгис иштерди жайылтууга жана жүргүзүүгө багытталган башка материалдык-техникалык каражаттарды топтоо, жайгаштыруу, сактоо жана өз убагында жаңылоо;
- жабыр тарткан калкты биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу каражаттар менен камсыздоого катышуу;
- ведомстволук, ыктыярдуу өрт өчүрүүчү, тоо, суу кырсыктарынан куткаруучу түзүлүштөрдү, ошондой эле авариялык-куткаруучу кечиктирилгис иштерге тартылуучу башка күчтөрдү жана каражаттарды оперативдүү башкаруу;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен алардын күчтөрүн жана каражаттарын авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө катышууга тартуу үчүн өз ара аракеттенүү;
- өзгөчө кырдаалдарда калкты жана аймактарды, материалдык жана маданий баалуулуктарды коргоо үчүн жаңы техникалык каражаттарды түзүү, сыноо жана ишке киргизүү, ошондой эле авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү технологияларын иштеп чыгуу боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү;
- Жарандык коргонуу аскерлеринин жана бөлүмдөрүнүн кадрларын даярдоону жана кайра даярдоону, квалификациясын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатууну уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, окуу процессин программалык-методикалык камсыздоону жүзөгө ашыруу;
- Жарандык коргонуу аскерлерин жана бөлүмдөрүн күжүрмөн жана атайын даярдоону өркүндөтүүгө багытталган эл аралык машыгууларга, мелдештерге, жыйындарга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу;
- курал-жаракты, техниканы, тынчтык жана согуш мезгилинде авариялык-куткаруучу кечиктирилгис иштерди жайылтууга жана жүргүзүүгө багытталган башка материалдык-техникалык каражаттарды колдонуу, жайгаштыруу жана өз убагында жаңылоо;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга катышуу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча күчтөрдү жана каражаттарды даярдоого катышуу, ошондой эле калкты Жарандык коргонуу жаатында окутуу;
2) тынчтык мезгилинде өзгөчө кырдаалдарды жоюунун жүрүшүндө:
- өзгөчө кырдаалдар зоналарында, ошондой эле аларга баруучу маршруттарда радиациялык, химиялык жана бактериологиялык (биологиялык) чалгындоо жүргүзүүгө катышуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдерди түзгөн чет мамлекеттердин аймактарында табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды оперативдүү чектөө жана жоюу боюнча авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө катышуу;
- авиациялык бомбаларды жана фугастарды зыянсыздандыруу менен байланышкан пиротехникалык иштерди жүргүзүүгө, ошондой эле гуманитардык минадан тазалоого катышуу;
- калкты санитардык тазалоо, имараттарды жана курулмаларды жугушсуздандыруу, техниканы, мүлктү жана аймактарды атайын тазалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө катышуу;
- өзгөчө кырдаалдар зоналарына ташылуучу, анын ичинде чет мамлекеттерге гуманитардык жардам катары жүктөрдү жеткирүүгө катышуу;
- жабыр тарткан калкты азык-түлүк, суу, биринчи зарылдыктагы предметтер, башка материалдык каражаттар жана кызмат көрсөтүүлөр, убактылуу жашоо үчүн турак жайлар менен камсыздоого, ошондой эле жабыр тарткан калкты биринчи жардам көрсөтүүгө катышуу;
- өзгөчө кырдаалдар зонасынан калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо боюнча иш-чараларга катышуу;
- калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу объекттерин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө катышуу;
- терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте жүзөгө ашыруу;
3) согуш мезгилинде:
- согуш мезгилинин штаттары боюнча бөлүктөрдү жана кошуундарды мобилизациялоону бүткөрүү жана жайгаштыруу;
- согуш аракеттеринин натыйжасында пайда болгон зыян келтирүү жана өзгөчө кырдаалдар зоналарына Жарандык коргонуу күчтөрүн киргизүүнү камсыз кылуу;
- Жарандык коргонуу күчтөрүнүн кыймылынын маршруттарында жана өзгөчө кырдаалдар зоналарында чалгындоонун ар кандай түрлөрүн жүргүзүү;
- калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу объекттерин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө катышуу, аэродромдорду, жолдорду, өтмөктөрдү жана тылдын инфраструктурасынын башка элементтерин калыбына келтирүү менен байланышкан милдеттерди аткаруу;
- каза болгондорду көмүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштер жүргүзүлүп жаткан жерлерде, ошондой эле аларга баруучу маршруттарда радиациялык, химиялык жана бактериологиялык (биологиялык) чалгындоону жүргүзүүгө катышуу;
- Жарандык коргонуу күчтөрүн зыян келтирүү очокторуна, жугуу (булгануу) жана катастрофалык суу каптоо зоналарына киргизүүнү камсыз кылууга катышуу;
- жок кылуу очокторунда, жугуу (булгануу) жана катастрофалык суу каптоо зоналарында авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө катышуу;
- авиациялык бомбаларды жана фугастарды зыянсыздандыруу менен байланышкан пиротехникалык иштерди жүргүзүүгө катышуу;
- калкты санитардык тазалоо, имараттарды жана курулмаларды жугушсуздандыруу, техниканы, мүлктү жана аймактарды атайын тазалоо боюнча иштерди жүргүзүүгө катышуу;
- калкты, материалдык жана маданий баалуулуктарды зыян келтирүү очокторунан, жугуу (булгануу) жана катастрофалык суу каптоо зоналарынан эвакуациялоо боюнча иш-чараларга катышуу;
- душмандын массалык кыргын салуучу куралды колдонуусунун кесепеттерин жоюуга катышуу;
- аймактык коргоонун айрым иш-чараларын аткарууга жана аскердик абалдын режимин камсыз кылууга катышуу;
- калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу объекттерин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө катышуу.
3-глава. ЖК аскерлерин колдонуу
6. ЖК аскерлерин тынчтык мезгилде колдонуу Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси (мындан ары - ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси) тарабынан, согуш мезгилинде - Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
7. ЖК аскерлеринин аймактык коргонуу жаатындагы айрым милдеттерди аткарууга катышуусуна байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн колдонуу планына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мобилизациялык планына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын буйруктарына жана директиваларына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, коргоо маселелери боюнча стратегиялык пландоо документтерине жана аскердик башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү пландарына ылайык чечилет.
8. Күжүрмөн даярдыкты жогорку деңгээлге келтирүү тартиби ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйруктары жана директивалары менен аныкталат.
9. Кыргыз Республикасына каршы агрессия же түздөн-түз агрессия жасоо коркунучу, Кыргыз Республикасына каршы багытталган куралдуу чыр-чатактар келип чыккан учурда ЖК аскерлерин күжүрмөн даярдыктын жогорку деңгээлине келтирүү Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
10. Согуш мезгилинде ЖК аскерлеринин жоготууларынын ордун толтуруу үчүн адам жана транспорт ресурстары менен камсыз кылуу коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
11. ЖК аскерлерине жүктөлгөн милдеттерди аткаруу тартиби ушул Жобо менен аныкталат, ошондой эле:
1) тынчтык мезгилинде - Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги жана облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуу башчылары тарабынан бекитилген ЖК аскерлеринин тийиштүү пландары менен;
2) согуш мезгилинде - Кыргыз Республикасынын, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуу планы менен.
12. ЖК аскерлери тынчтык жана согуш мезгилинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иштерди, авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис иштерди же болбосо Жарандык коргонуунун, аймактык коргонуунун башка милдеттерин аткаруу мезгилинде облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуу башчыларынын, коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оперативдүү баш ийүүсүнө өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
13. ЖК аскерлерин коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өткөрүүчү аскердик машыгууларга катышууга тартуу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
14. ЖК аскерлеринин уюштуруу-штаттык түзүмү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
15. Өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди өз алдынча аткарууга жөндөмдүү болгон ЖК аскерлеринин негизги түзүмдүк бирдиги болуп издөө-куткаруу отряды саналат.
16. ЖК аскерлеринин жайгашуусу облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын Жарандык коргонуу башчылары менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
4-глава. ЖК аскерлеринин ишин уюштуруу
17. ЖК аскерлерин башкарууну ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси жүзөгө ашырат.
18. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин ЖК аскерлерин башкарууга тиешелүү бөлүктөгү ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президенти - Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан белгиленет.
19. ЖК аскерлеринин ишинин маанилүү маселелерин кароо Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
5-глава. ЖК аскерлерин комплекттөө жана даярдоо
20. ЖК аскерлерин Жарандык коргонуу жаатындагы адистер менен комплекттөө тиешелүү билими бар адамдардын ичинен жүргүзүлөт.
21. ЖК аскерлерин аскер кызматчылары менен комплекттөө аскер кызматын өтөө тартиби жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
22. ЖК аскерлерин жарандык персонал менен толуктоо мамлекеттик жарандык кызматты өтөө жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
23. ЖК аскерлери үчүн чакыруу ресурстарын бөлүү Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка чакыруу жөнүндө чечимдерине ылайык жүргүзүлөт.
24. Контракттык кызматтын аскер кызматчылары ээлөөгө тийиш болгон аскердик кызмат орундарынын тизмеги ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
25. Жарандык персоналдын адамдары ээлеген кызмат орундарынын тизмеги ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
26. ЖК аскерлеринин жарандык персоналынын штаттык саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленет.
27. ЖК аскерлерин даярдоо ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан бекитилген өздүк курамды даярдоо программаларына жана пландарына ылайык жүзөгө ашырылат.
28. Куткаруу аскердик түзүлүштөрүнүн офицерлерин даярдоо мамлекеттик жана чет өлкөлүк жогорку билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылат.
29. Тынчтык (согуш) мезгилинде ЖК аскерлери үчүн адистерди даярдоо Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын окуу борборлорунда жүргүзүлөт.
30. ЖК аскерлериндеги тарбия иштери, аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн маалыматтык камсыздоо жана бош убактысын уюштуруу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана тарбия иштерин уюштуруу үчүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-глава. ЖК аскерлеринин ишин камсыздоо
31. ЖК аскерлерин финансылык камсыздоо тиешелүү жылга республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
32. ЖК аскерлеринин ишин камсыздоо үчүн курал-жарак, аскердик жана атайын техникалар, ок-дарылар, атайын каражаттар, мүлк менен камсыздоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жүзөгө ашырат.
33. ЖК аскерлеринин куралдарын, аскердик жана атайын техникасын капиталдык оңдоо Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
34. ЖК аскерлеринин аскер кызматчыларынын аскер кызматын өтөөсү, үлүштүн бардык түрлөрү менен, пенсиялык камсыздоо, социалдык коргоо жана камсыздандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.