Редакцияот 19.02.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 19-февралы № 66

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 "Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

 

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 50 "Көп батирлүү турак үйдүн жанындагы жер участогунун чек араларын аныктоо жана тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомунун колдонулушун токтотуу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев