Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-февралы № 70
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринде товарлардын бажылык наркын аныктоо жана контролдоо үчүн зарыл болгон маалымат алмашуу тууралуу макулдашуунун 13-беренесине ылайык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин катышуучу мамлекеттеринде товарлардын бажылык наркын аныктоо жана контролдоо үчүн зарыл болгон маалымат алмашуу тууралуу расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аталган Макулдашууну ишке ашыруу боюнча жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетине ыйгарым укуктуу органдын аныкталгандыгы жана жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы тууралуу кабарласын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 22-февралында N 13 жарыяланды
Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |