Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-августундагы № 522 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 64 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагына каттоосуз алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын тизмегин түзүү жана ага медициналык буюмдарды киргизүү ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын аймагына каттоосуз алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын тизмегин түзүү жана ага медициналык буюмдарды киргизүү жол-жоболорун белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагына каттоосуз алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын тизмегин түзүү (мындан ары - тизмек) жана ага медициналык буюмдарды киргизүү саламаттык сактоо уюмдары берген өтүнмөлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына каттоосуз алып кирүүгө жана колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын тизмегин түзүү жана ага медициналык буюмдарды киргизүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан ишке ашырылат.
Өтүнмөнүн формасы жана тизмек Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) буйругу менен бекитилет.
3. Комиссиянын жеке курамы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын курамына жогорку медициналык (фармацевттик) билими жана адистиги боюнча беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар ыйгарым укуктуу органдын жана саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери, ошондой эле саламаттык сактоо жаатында адистештирилген жарандык сектордун өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы саны 11 адамды түзөт, алардын үчөө жарандык сектордун өкүлдөрү болот.
4. Комиссиянын мүчөлөрү анын жыйындарына жеке катышат. Комиссиянын жыйыны эгерде ага комиссиянын жарымынан кем эмес курамы катышса укуктуу деп саналат.
5. Комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу органдын өкүлү саналат. Комиссиянын төрагасы жокто, анын ыйгарым укуктарын комиссиянын жыйынында төрагалык кылуучу катары комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен комиссиянын жыйынында шайланган комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарат.
6. Комиссиянын жыйыны анын курамынын жарымынан кем эмес мүчөлөрү катышса укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын жок мүчөлөрү үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коюшат.
7. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү жана жыйында катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылган адам добуш берген чечим кабыл алынды деп саналат.
8. Ыйгарым укуктуу орган саламаттык сактоо уюмдарынан үч жана андан ашык өтүнмө келип түшкөндө комиссиянын жыйынын өткөрүүнү демилгелейт.
9. Комиссия комиссиянын жыйыны демилгеленген күндөн тартып эки жумуш күндөн кечиктирбестен саламаттык сактоо уюмдарынан келип түшкөн өтүнмөлөрдү кароого жана эки жумуш күндүн ичинде медициналык буюмдарды тизмекке киргизүү же киргизбөө жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
10. Төмөнкү критерийлердин бирине же бир нечесине ылайык келген медициналык буюмдар тизмекке комиссия тарабынан төмөнкүдөй шартта киргизилет, эгерде мамлекеттик каттоосу жок медициналык буюм:
- Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмесине киргизилсе;
- Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмесине киргизилбесе, бирок ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилген клиникалык протоколдорго киргизилсе.
11. Медициналык буюмдарды тизмекке киргизүү Медициналык буюмдардын глобалдуу номенклатурасын пайдалануу менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан колдонулуучу медициналык буюмдардын номенклатурасына ылайык комиссия тарабынан ишке ашырылат.
12. Комиссиянын тизмекке бир же андан ашык медициналык буюмдарды киргизүү же андан чыгаруу жөнүндө чечими комиссия тарабынан тизмекке медициналык буюмдарды киргизүү же андан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен бекитилет.
13. Ыйгарым укуктуу орган тизмекти актуалдаштыруу максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан ар бир алты айда жүргүзүлүүчү тизмекке киргизилген медициналык буюмдарды алып кирүү, ташуу, каттоо тууралуу маалыматтарды баалоо аркылуу тизмекке киргизилген медициналык буюмдарды эсепке алат.
14. Тизмек жана аны бекитүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын буйругу ага кол коюлган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылууга тийиш.