Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 10-апрелиндеги № 241
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2019-жылдын 15-марты № 121
Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын
каттоо тартиби жөнүндө жобону жана Жалпыга маалымдоо
каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин
бекитүү тууралуу
«Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги алты айлык мөөнөттө мурда катталган, кайра катталган жана ишин токтоткон жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө маалыматтарды Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 19-августундагы № 410 «Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоонун, каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн жыйымдарды алуунун тартиби жана анын өлчөмдөрү тууралуу» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |