Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-декабры № 30
2020-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде аткарылган иштер боюнча вице-мэр Н.Көчөрканованын маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча жалпы аткарылган иштер боюнча шардын вице-мэри Н.Көчөрканованын маалыматын, сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын кошумча сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 9 (тогуз) ай ичинде Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын маалыматы эске алынсын.
2. Жалпысынан шаар аймагында аткарылып жаткан иштер боюнча жашоочулардын маалыматка жеткиликтүүлүгү төмөн болуп жаткандыгы белгиленсин, бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлсүн.
3. Аймакты өнүктүрүү боюнча бардык иштер алдын ала макулдашылып, керектүү каражаттары бөлүнгөндөн кийин гана аткарууга алынсын.
4. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
5. Токтомдунаткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (А.Дербишев, М.Калмурзаев, Д.Караева, У.Тойчубеков) тапшырылсын
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |