Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясы
2020-жылдын 4-декабры № 32
Бөкөнбаев мектебинен чыгарылып алынган эски терезелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтгул шаарынын вице-мэри Н.Көчөрканованын 03.12.2020-жылдагы № 548 сунушу боюнча депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинен чыгарылып алынган терезелеринин айнектери сынып, колдонууга жараксыз абалда экендиги эске алынсын (комиссиянын протоколдоруна ылайык).
2. Жогоруда аталган терезелердин рамкалары отун катары колдонуу үчүн шаарыбыздагы багар көрөрү жокторго, жардамга муктаж майыптарга, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, ушул мектепте иштеген техникалык кызматкерлерге отун катары берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар, жумушсуздук, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиясына (Д.Т.Караева) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |