Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясы
2020-жылдын 4-декабры № 33
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарттары жөнүндө” (03.09.2012-жылдагы № 603), “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” (03.07.2014-жылдагы № 302) токтомдоруна ылайык, Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун кайрадан түзүү боюнча сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токтогул шаарында Биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ) тобунун курамы ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн курамда жаңыланып түзүлгөндүгү белгиленсин, тиркеме бекитилсин.
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жободо белгиленген милдет, максат, принциптерге ылайык иш алып баруу үчүн бир жылдык иш план иштелип чыксын.
3. Иш пландын негизинде аткарылган иштер боюнча Токтогул шаардык кеңешине маалымат берип туруу жагы каралсын.
4.Бул токтомду аткаруу БМжБ тобунун төрагасына ( А.Касымовго) тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу тапшырылсын.
6.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
8. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап Токтогул шаардык кеңешинин 03.08.2018-жылдагы кезектеги V сессиясынын № 10 токтомунун 3-тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
Тиркеме
Токтогул шаарынын аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштырып, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы
№ | Аты жөнү | Туулган жылы | Иштеген жери | Топтун курамында | Жашаган жери | Байланыш телефону |
1 | Касымов Алмаз Рахматиллаевич | 03.09.1984 | Шаар тургуну | Төрага | Тоголок Молдо № 47 | 0 776 3603 60 |
2 | Джаныбаева Айнура Омушевна | 10.07.1972 | шаардык кеңештин депутаты | Төраганын орун басары | Кенжетаев Шакир № 11 | 0 773 16 01 77 |
3 | Караева Динара Текишовна | 29.08.1970 | шаардык кеңештин депутаты | катчысы | Исраилов № 39 | 0 70700 04 61 |
4 | Бадыров Мелис Болотбекович | 22.04.1963 | шаардык кеңештин депутаты | мүчөсү | Кушубаков № 37 | 0773 457059 |
5 | Тойчубеков Урмат Кадырбекович | 21.07.1985 | шаардык кеңештин депутаты | Мүчөсү | Сүйналиев №41 | 0 706 55 55 64 |
6 | Ашырбекова Калия | 09.08.1958 | Аялдар кеңешинин төрайымы | мүчөсү | Ашыров № 17 | 0 777 278753 |
7 | Демин Виктор | 29.01.1979 | шаар тургуну | мүчөсү | А.Суеркулов № 6/6 | 0 70413 04 38 |
Төрага: М.Н.Жусупахунов