Редакцияот 04.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясы

 

 

2020-жылдын 4-декабры № 34

31.05.2018-жылдагы № 03 токтомго өзгөртүү жана толуктоо  киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз  Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык,  Токтогул шаардык кеңешинин “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар,  жумушсуздук, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасын жана анын орун басарын шайлоо боюнча депутаттардын  сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап,  Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезектеги XXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   31.05.2018-жылдагы № 03 токтомдун 1 пунктунун 2-пунктчасына  өзгөртүү жана толуктоо  киргизилгендиги эске алынсын.

2.   Ага ылайык Токтогул шаардык кеңешинин “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар,  жумушсуздук, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы - Караева Динара Текишовна жана анын орун басары  Жапаров Элдияр Назарович шайлангандыгы белгиленсин. 

3.   Жогоруда аталган туруктуу комиссиянын иш планына ылайык иш алып баруу жагы туруктуу комиссиянын төрайымына (Д.Т.Караева) милдеттендирилсин.

4.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын  

5.   Токтом мамлекеттик тилде  кабыл алынды.

6.   Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин  www.toktogul.kg вебсайтына   жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

М.Н.Жусупахунов