Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясы
2020-жылдын 4-декабры № 35
Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Жобосунун талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун сунуштары (тиешелүү документтери менен) “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, спорт жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиянын жыйналышында каралып, корутундусу сессияга сунушталган.
Туруктуу комиссиянын чечимин, башка депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIIIчакырылышынын кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын 5 (беш) талапкерге ыйгаруу боюнча макулдашылгандыгы белгиленсин.
2. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө зор салым кошкон төмөндөгү тургундарга Токтогул шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
1) Абдылдабеков Абакиралы Касымалиевич – Токтогул РЭТ кызматкери;
2) Батырканов Эркинбек – маданият кызматкери, мугалим;
3) Дөлөтбеков Максатбек Кошукеевич-Токтогул шаардык кеңешинин депутаты;
4) Жумашов Жайлообек – ардактуу эс алуучу ;
5) Ормонов Замирбек Токтоназарович-Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери;
3. “Ардактуу атуул” наамына ылайык төш белгилерди жана күбөлүктөрдү даярдоо, аларды салтанаттуу тапшыруу аземин уюштуруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Т.Болгонбеков).
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (У.Тойчубеков) тапшырылсын.
6. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын жана www.toktogul.kg веб- сайтына жайгаштырылсын (С.Наралиева).
Төрага | М.Н.Жусупахунов |