Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2020-жылдын 09 июну № 23
Кыргыз Рсепубликасынын Эл артисти маркум Э.К. Иманалиевдин ысымын Токтогул райондук балдар музыкалык мектебине ыйгаруу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын жана Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык, Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Т.Жайыловдун 09.06.2020-жылдагы № 936, Токтогул райондук балдар музыкалык мектебинин 08.06.2020-жылдагы № 6 сунуштары Токтогул шаардык кеңешинин “ Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам жана жумушсуздук боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, чечим кабыл алынган.
Аталган туруктуу комиссиянын чечимин жана депутаттардын сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын, обончу, дастанчы Иманалиев Элмирбек Калиловичтин кыргыздын маданият жана искусство тармагынын өсүп, өнүгүшүнө кошкон зор салымы эске алынсын .
2. Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечимине ылайык, мындан нары Токтогул райондук балдар музыкалык мектеби “Токтогул райондук Элмирбек Иманалиев атындагы балдар музыкалык мектеби” деп аталсын.
3. Мектептин атын өзгөртүүгө байланышкан алгачкы чыгымдар (мөөр, штамп, уставын өзгөртүү) жергиликтүү бюджеттен каржылана тургандыгы эске алынсын.
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен макулдашуу жагы Токтогул райондук мамлекетттик администрациясынан суралсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |