Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2020-жылдын 09 июну № 24
Токтогул шаарындагы А.Суеркулов көчөсүндөгү № 32 үйүнүн жашоочуларынын арызын кароо боюнча
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Токтогул шаарынын А.Суеркулов көчөсүндөгү № 32 үйүнүн жашоочуларынын 29.05.2020-жылдагы арызы Токтогул шаардык кеңешинин 01.06.2020-жылдагы кеңешмесинде КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик экологиялык инспекциясынын Кара-Көл региондор аралык башкармалыктын башкы инспектору Б.Жапаровдун, Токтогул районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын юристи Э.Умаровдун, айрым шаар куруу кеңешинин мүчөлөрү А.Жумабековдун, Т.Сураповдун катышуусу менен каралып, талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгын жана башка депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда аталган жашоочулардын арызында көрсөтүлгөн А.Суеркулов көчөсүнүн № 32 үйүнүн күн батыш тарабындагы жеке ишкерлер тарабынан курулган курулмалар боюнча ушул сессияга катышкан тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн (Б.Жапаров, Э.Умаров, Д.Болгонбеков, мэриянын юристи М.Айтмурзаев) сунуштары жана пикирлери эске алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн даректеги курулмалар боюнча мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков) милдеттендирилсин.
3. Аткаруу мөөнөтү 2020-жылдын 15-июлуна чейин белгиленсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (М.Калмурзаев, У.Тойчубеков) милдеттендирилсин.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүү мекемелерге жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |