Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2020-жылдын 17-августу № 27
Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 2020-жылдын 6 (алты) ай ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин иш планына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, сырттан инвестиция тартуу боюнча аткарган иштери жөнүндөгү отчету “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча”, “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиялардын биргелешкен жыйналышында каралган.
Сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, сырттан инвестиция тартуу иштери төмөндөп, токтом, протоколдук тапшырмалар тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы үчүн шаар мэри Б.Т.Болгонбековдун 2020-жылдын 6 ай ичиндеги отчету жалпысынан канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Сессиянын жүрүшүндө айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча ыкчам иш-аракеттер көрүлсүн, 1 (бир) айдын жыйынтыгында толук маалымат берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |