Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
2020-жылдын 16-марты № 165
Коронавирус эпидемиясын алдын алуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевдин 2020-жылдын 16-мартындагы 1-132 номериндеги кайрылуусун карап чыгып, депутаттар тарабынан айтылган сунуштар, сын-пикирлерди эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коронавирустун эпидемиясына байланыштуу шаардын аймагында массалык-маданий иш-чаралар, спорттук мелдештер, тойлор, катмылар токтотулсун жана коомдук тамактануучу жайлар: чайханалар, ашканалар, буфеттер, самсаканалар 2020-жылдын 18-мартынан баштап убактылуу жабылсын.
2. Коронавирус эпидемиясын алдын алып, элге жуктурбоо максатында шаардын аймагындагы чек ара кызматы тарабынан Өзбек Республикасынан өткөн транзиттик жүргүнчүлөрдү паспорттук контролдон өткөндөн кийин жеңил автоунааларга, автобустарага чек ара постунун аймагында отургузуп чыгаруу жагы сунушталсын.
3. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө, МАИ кызматына Өзбек Республикасынан өтүүчү транзиттик автоунааларды шаардын аймагында токтотпой өткөрүүнү камсыздоо жагы сунушталсын.
4. Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан соода-сатык дүкөндөрдүн ээлерине Өзбек Республикасынын жарандарына соода жүргүзгөндүгү үчүн 10 миң сом штраф каралсын.
5. Шаардын аймагындагы мектептерди, балдар бакчаларын, коомдук тамактанучу жайларды, маршруттук автоунааларды, магазиндерди дезинфекциялоо жагы СЭСке сунушталсын.
6. Көчөлөргө, магазиндерге жаш балдарын жумшаган ата-энелерге 5 миң сом штраф каралсын.
7. Шаардык мэриянын аппаратына бир жумада 3 жолу тийиштүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте рейд өткөрүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
Төрага |
Э.Ураимов |