Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXI сессиясы
2020-жылдын 16-марты № 167
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү № 105-токтомунда көрсөтүлгөн “Датка-Сугд” 500 кВ долбоорунун шаардын аймагына туура келген электр линиясынын курулушуна жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №105-токтомуна ылайык шаардык мэрияга “Кыргыз Улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун Ош ЖЧЭТ директорунун 02.03.2020-жылдагы №01-13-3/232, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 04.03.2020-жыл №01-26/703, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 05.03.2020-жыл №1-17/02-393, 02.03.2020-жыл №1-17/02-367 сандуу каттарын аткаруу максатында жазган кайрылууларына негиз Кадамжай шаардык мэриясынын 2020-жылдын 13-мартындагы 1-127 сандуу катын карап чыгып, Кадамжай шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү №105-токтомунда көрсөтүлгөн “Датка-Сугд” 500 кВ долбоорунун шаардын аймагына туура келген электр линиясынын курулушуна жалпы 19401 м2 жер аянтын, анын ичинде 52 даана, (анын ичинде 616-621 5 даана мамычалар Орозбеков айыл өкмөтү менен такталбаган аймакта жайгаша турган 6 даана зым тирөөчтөрүн) орнотуу үчүн 12209 м2 жер аянты “Кыргыз Улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна мыйзам чегинде 49 жылдык мөөнөт менен ажыратып берилсин.
2. Курулуш жумуштары башталаардан алдын жергиликтүү бийлик органдары менен соц пакет келишими түзүлсүн. Түзүлгөн келишим токтомдун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналсын.
3. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүк.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |