Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXII сессиясы
2020-жылдын 22-апрели № 168
Кадамжай шаардык мэриясынын чыгаша бөлүгүнүн 71 093 статьясынан 27 216 статьясына акча каражатын которуу жөнүндө.
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаардык мэриясынын 2020-жылдын 22-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын аймагында COVID-19 пандемиясынын алкагында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-апрелиндеги 2020-жылдын №128 буйругуна негиз мамлекеттик бюджеттен кыйналган атуулдарга азык-түлүк менен камсыздоо үчүн 200.000.000 (эки жүз миллион) сом акча каражаты ажыратылгандыгы жөнүндө кайрылуусун ошондой эле шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясынын бюджетинен 71 093 (жатак түрүндө болбогон мекемелер аркылуу көрсөтүлгөн социалдык коргоо кызматы) статьясынан 27 216 (кайтарылбас жардам калктын жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандар) статьясына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервинен бөлүнүп берилген 221 600 (эки жүз жыйырма бир миң алты жүз) сомду которууга уруксат берилсин.
2. 221 600 (эки жүз жыйырма бир миң алты жүз) сом акча каражаты ар бир муктаж жаранга орточо 800 (сегиз жүз) сомдук азык-түлүк алынсын. (Тиркеме тиркелет).
3. Биринчи иретте аз камсыз болгон 177 үй бүлөгө жардам көрсөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары: Н.Ашимова
Кадамжай шаардык кеңешинин XXXXII сессиясынын №168 токтомуна
тиркеме
800 сомго алынуучу азык-түлүктөрдүн тизмеси:
1. Гуруч 5кг x 70с = 350с
2. Кум шекер 2кг x 50с = 100с
3. Май 3л - 290с
4. Пакет 1шт – 10с
5. Чай 1пач – 50с
Жооптуу катчысы: А.Эшанкулова