Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXIII сессиясы
2020-жылдын 14-майы № 169
Кадамжай шаарындагы мектептердин камкорчулар кеңешинин ассоциациясынын кайрылуусу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши шаардын аймагындагы мектеп-лицейи, Б.Айтматов атындагы гимназия мектеби жана Жийделик толук эмес орто мектеби Ага-Хан фондунун долбооруна катышып, утуп алгандыгын белгилеп, шаардагы мектептердин камкорчулар кеңешинин ассоциациясына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү шаардык мэриянын кайрылуусун, ошондой эле шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы мектептердин камкорчулар кеңешинин ассоциациясына жергиликтүү бюджеттен 630 000 (алты жүз отуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |