Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXIII сессиясы
2020-жылдын 14-майы № 170
Жыл башында калган калдыкты бөлүү жана КР эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кадамжай шаарынын 2020-жылдын башында калган калдыгын бөлүү жана КР эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө шаардык мэриянын кайрылуусун, ошондой эле шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кадамжай шаарынын жергиликтүү бюджетинде 2020-жылдын 1-январына негизги каражаттан 4476,5 миң сом, атайын каражаттан 950,6 миң сом, жалпысынан 5427,1 миң сом калдык акча каражаты төмөнкүдөй бөлүнүп берилсин:
Негизги каражаттын эсебинен:
22311200: Электро энергияга – 60,0 миң сом;
25121100: Субсидия чыгымдарына – 1200,0 миң сом.
31113390: Башка курулмаларды капиталдык оңдоого – 3216,8 миң сом.
Жалпысы негизги каражаттан 4476,8 миң сом.
Атайын каражаттын эсебинен:
22181100: Тамак-аш азыктарын алууга – 197,4 миң сом;
31113390: Башка курулмаларды капиталдык оңдоого ( суу түтүктөрүнө, электр линияларга, жолдорго ) – 753,2 мин сом;
31113390: Башка курулмаларды капиталдык оңдоого – 359,9 миң сом.
Жалпысы атайын каражаттан 1310,5 миң сом.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |