Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXIV сессиясы
2020-жылдын 5-июну № 171
Кадамжай шаардык кеңешинин 2020-жылдын 16-мартындагы №167-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык кеңешинин 2020-жылдын 16-мартында кабыл алынган 167 номериндеги токтомдун биринчи пунктунун: “19401 м2 жер аянтын” деген жери: “20297 чарчы метр (жер аянты), анын ичинен 5443 чарчы метр жер жайыт жерлери, 11765 чарчы метр таштуу жайыт, 3089 чарчы метр жер бадалдуу таштуу жайыт” деп өзгөртүлсүн.
2. Кадамжай шаардык мэриясына 20297 чарчы метр жайыт жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына мыйзам чегинде которууга уруксат берилсин.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |