Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кадамжай шаардык кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXXXV сессиясы
2020-жылдын 26-июну № 175
2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевдин отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып Кадамжай шаардык кеңешинин сессиясы белгилейт.
2019-жылда 2018-2022-жылдардагы туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган Программасын аткаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп, 2019-жыл ичинде шаардагы өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субьекттери, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ натыйжалуу иштерди алып барышты.
Кадамжай шаардык мэриясынын 2019-жылдын 12 айына киреше салыктар боюнча бекитилген план 56131,5 миң сом, ал эми берилген план 60630,8 миң сом болсо аткарылганы 53478,8 миң сомду түзүп же болбосо 7152,0 миң сомго аз аткарылып, 88,2 %ды түздү. Бекитилген план тапшырмага жана берилген план тапшырмага салыштырмалуу 4499,3 миң сомго көп план берилүүдө.
Транспорттук салык юридикалык жактарга 63,2 %, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 52,5 %, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы 18,4 % түзгөн.
Кадамжай шаардык мэриясынын 2019-жылдын 12 айына чыгаша боюнча бекитилген план 56131,5 миң сом, ал эми берилген план 63478,5 миң сом болсо аткарылганы 50899,5 миң сомду түзүп 80,1 %ды түздү.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июнундагы № 101мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна негиз Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын мэринин 2019-жылдын 12 айлык отчету, жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча отчету “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу, жайыт комитетинин отчет жана учет иштерин, салык топтоо, бюджетти толтуруу аны сарамжалдуу иштетүү, шаардык кеңештин токтомдорун өз убагында аткаруу жагы каттуу контролго алынсын. Өз функционалдык милдеттерин жетерлик деңгээлде аткарбаган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилерине жана аппарат кызматкерлерине мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
3. Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин:
- муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ишмердүүлүктү күчөтүү жагы (мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин өз убагында конкурстан өткөрүп, кеңештин макулдугу менен бекитүү жагы);
- макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн керектүү чараларды колдонуу жана инвестицияларды тартуу жагы;
- шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында киреше булактарын аныктап, иш-чараларды иштеп чыгуу жагы;
- шаардын аймагындагы каттоого алынбай калган обьектерди тез аранын ичинде каттоодон өткөрүп, муниципалдык мүлктүн (калктуу конуштардын жалпы пайдалануучу жерлердин) реестрин 1 айлык мөөнөт ичинде түзүү жагы;
- Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 66, 67, 68, 78 (2 пункт) беренелерин бузуу менен жеке жактарга сатылган, ижарага берилген жерлерди, мэрия менен келишим түзүп, келишимди аткарбаган, салыктарды жана башка төлөмдөрду өз убагында жана толугу менен төлөбөй келген жарандардын жерлерин мэрияга кайтаруу жагы;
- шаардын социалдык инфраструктурасын өсүп өнүгүүсү үчүн жергиликтүү бюджеттин жетишсиздигин эске алып, аны толуктоо максатында, түрткү берүүчү гранттарды тартууну активдештирүү жагы;
- шаардын тазалыгын камсыздоо боюнча атайын иш чараларды иштеп чыгып,түрткү берүүчү гранттарды тартуу жагы,
- шаардын аймагындагы токтоп турган өнөр жай ишканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын ишке киришин аныктоо үчүн жогорку инстацияларга кайрылып, ишке киргизүү же башка инвенсторлорду тартуу жагы;
- шаардын тургундарын, чарбалык субьектерди суу, айрыкча кыш мезгилинде электроэнергия менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу (өз убагында иштен чыккан трансформаторлоду оңдоп, керектүү жерлерге жаңыдан трансформаторлорду орнотуу, ошондой эле электроэнергияны үнөмдөө боюнча иш чараларды түзүү жагы;
- үлгүлүү, бекем үй-бүлөлөрдү көбөйтүү максатында үй-бүлөлүк спорттук мелдештерди уюштуруу;
- шаарда спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү; жаштардын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн, жаштарды спорт жана дене тарбия менен машыгууга тартуу жана аларга спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүү жагы;
- шаарда укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана шаардагы коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү жагы;
- шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык паспортун толтуруу жана балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, шаардын калкын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагы;
- билим берүү тармагында мектептерге жана балдар бакчаларына балдарды кабыл алууда “Электрондук кезек” системасын киргизүү жагы;
- Кадамжай кыргыз жана түрк лицейлеринде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жакшы окуган балдарын жеңилдетилген шартта окутуу үчүн, шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча комиссиясынын макулдугу менен киргизүү жагы.
4. Кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча шаардык мэрия иш чараларды түзүп шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына маалымат берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасы Э.Ураимовко тапшырылсын.
Кадамжай шаардык кеӊешинин төрагасы |
Э.Ураимов |